Аскер прокуратурасы мөңгүлөрдү талкалоого жол берген мыйзам боюнча депутаттарды суракка алууда

Элвира Сурабалдиева / Рыскелди Момбеков / Ирина Карамушкина / Жанар Акаев

Аскер прокуратурасы 1-июлда депутаттар Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкинаны жана экс-депутат Элвира Сурабалдиеваны суракка алды. Ал эми депутат Жанар Акаев 7-июлда сурак берет. Бул тууралуу Момбеков «Тазабек» басылмасына билдирди.

Депутаттын айтымында, сурак 2017-жылы Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу болгон. Анда Жогорку Кеңеш мөңгүлөрдүн ээришин тездетүүнү камсыздаган иш-аракеттерге тыюу салган чектөөлөр «Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө тиешеси жок» деген мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Аталган мөңгүлөрдүн бир бөлүгү «Кумтөр Голд Компани» Кумтөр кенинде жүргүзгөн ишинин натыйжасында талкаланган.

«2017-жылы Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселени караганбыз, анда мен [мыйзам долбоорун] сындаганмын. Менин пикирим боюнча [суракта ошол боюнча] суроолор болду [...] Парламенттин бешинчи чакырылышы мыйзам долбоорун биринчи жана экинчи окууда кабыл алган, биздин чакырылыш аны үчүнчү окуудан өткөрдү», — деди Момбеков.

Ал эми Жанар Акаев «Азаттыкка» чакырууну УКМК жибергенин, бирок сурак Аскер прокуратурасында болоорун билдирди .

«Мага чакырууну УКМКдан жиберишкен. Мен учурда шаарда болбогонума байланыштуу, суракты 7-июлга жылдырышты. Азырынча кайсы иш боюнча чакырылып жатканымды ачык айтышкан жок. Кумтөр иши боюнча окшойт деп боолголоп турам», — деди Акаев.

Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун алтынчы чакырылыштын 63 депутаты колдогон — алардын арасында суракка чакырылган Рыскелди Момбеков жана Ирина Карамушкина да болушкан. Ал эми Акаев жана Сурабалдиева бул мыйзам долбооруна каршы добуш беришкен.

Суу кодексине кирген өзгөртүүлөр

Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалоого жол берген мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 16-ноябрындагы отурумунда кабыл алынган. Бул мыйзам долбоорун мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Залалиев жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин экс-төрагасы Айтмамат Назаров демилгелешкен.

Аталган мыйзам долбоору бир нече депутаттар тарабынан сынга алынган. «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөр «“Кумтөр Голд Компани” буга чейин мөңгүлөрдү талкалоо боюнча аракеттерин да мыйзамдаштырууга жол ачат» деп айткан.

«Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүн бузуу бул азыркы Суу кодексине карама-каршы келет. Азыр силер алып келген өзгөртүүлөр менен буларга эртеңкиге эле уруксат бербестен, буга чейинки мөңгүлөрдү талкалаганы боюнча да жоопкерчиликти алып салып жатабыз да», — деген Бокоев.

Ал эми мурдагы вице-премьер Зилалиев эгерде мыйзам долбоору кабыл алынбай калса 250 млн доллар каражат мамлекеттин казынасына түшпөй калаарын айткан.

Ошондой эле Зилалиев Лысый мөңгүсүнүн 10 пайызы талкаланганын, ал эми Кумтөр кени иштетилип бүткөнгө чейин дагы 10 пайызы жоголо турганын билдирген. Мындан сырткары, Зилалиев Давыдовдун 50 пайызы талкаланып бүткөнүн, кен казылып бүткөнгө чейин дагы 20 пайызы жок болоорун айткан.

*Учурда Зилалиев «Мыйзамсыз баюуга» шектелип жатат. Алгач Биринчи май райондук соту, кийинчерээк Бишкек шаардык соту Зилалиевди күнөлүү деп таап тогуз жылга эркинен ажыраткан. Ал эми 24-июнда Жогорку сот өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген.

Арадан төрт жыл өтүп Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө кендин калдыктарын мыйзамсыз топтоп, аларды талкалаганын аныктаган. Сот алтын казуучу компанияны 261,7 млрд, кийинчерээк дагы 2,1 млрд сом кенемте төлөп берүүнү милдеттендирген.

Көп өтпөй Жогорку Кеңештин депутаттары Кумтөр кенине сырттан башкарууну киргизишкен. Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кумтөр ишиндеги» коррупцияга бир нече мурдагы аткаминерлерди шектеп кармады.

Учурда кыргыз бийлиги Centerra Gold Inc. жана ага караштуу «Кумтөр Голд Компани» менен Эл аралык арбитраждык сотто соттошууга даярданып жатат.