Эс алышат, 200-300 миң сомдон берилет. Масалиев депутаттардын иши аяктаганы тууралуу

Парламенттин мурдагы депутаты Исхак Масалиев фейсбук барагына Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы ишин жыйынтыктаганына байланыштуу пикирин билдирди.

Масалиев депутаттардын октябрь окуяларында жана Ак үй талкалангандан кийин шайлоо жөнүндө мыйзамды кабыл алуу үчүн бекер иштеп беребиз деген убадасын эске салды. Азыр «мыйзамдын аткарылышын ойлоп да коюшкан жок», эми каникулга тарап кетишти деп кошумчалады ал.

«Бир ай эл менен жолугат, бир ай эс алат. 200 000 сомдон, 300 000ден акча берилет, “Отпускной” дейт аны»,— деп жазган Масалиев.

Парламенттин басма сөз кызматы Масалиевдин билдирүүсүнө жооп берип, бир дагы эл өкүлү эмгек өргүүгө кете электигин билдирди.

«Демек, эмгек өргүүсү боюнча акча дагы бериле элек». — деп жазылган Жогорку Кеңештин сайтында.

Парламент депутаттары 30-июнда каникулга кетишкен, бирок июлда алар кезексиз сессияларда ишин улантышат. Депутаттар шайлоо өткөрүү боюнча мыйзам долбоорлорун кароо үчүн чогулушат.

Депутат Дастан Бекешев телеграм-каналы аркылуу парламентке эки конституциялык мыйзам келип түшкөнүн билдирди — «Министрлер кабинети жөнүндө» жана «Депутаттарды жана президентти шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө».

«Алар абдан маанилүү, жакында карап баштайбыз. Июль айы парламент үчүн абдан күжүрмөн болот», — деди Бекешев.

Кыргызстанда саясий кризис башталып, парламенттин алтынчы чакырылышы иш жүзүндө мөөнөтү аяктагыс болуп, депутаттар өлкөдө финансылык кризис болуп аткандыктан акысыз иштеп берүүнү убада кылышкан. Бирок кийинчерээк алар айлык алып иштеп жатканы белгилүү болгон.