Депутаттар маянадан баш тарткан жок. Алар октябрь менен ноябрдын айлыгын толук алышты

Жогорку Кеңештин депутаттары октябрь жана ноябрь айлары үчүн эмгек акысын толугу менен алганын 24.kg маалымат агенттиги жазды.

Парламенттин маалымат кызматынын башчысы Индира Куралбекованын айтымында, депутаттардын басымдуу бөлүгү октябрь айылыгын Жогорку Кеңештин имаратын оңдоого которгон. Бирок ноябрь айына чыккан маянадан азырынча эч ким баш тарта элек.

Быйыл 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү парламенттин имараты шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккандар тарабынан басып алынган. Анын кесепетинен, имараттагы бир нече иш бөлмөлөр талкаланып, айрымдарында өрт чыккан. Жогорку Кеңештин пленардык жыйындар өтө турчу оң залы талкаланып, депутаттар үчүн коюлган ноутбуктар дагы жараксыз абалга келген.

Алдын ала маалыматтар боюнча имаратты толук капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 450 млн сом керектелет. Анткен менен президенттин м.а. Садыр Жапаров эл менен болгон жолугушуулардын биринде оңдоого болгону 10 млн сомдой кетет деп ишендирген. Оңдоо иштери эч кандай тендер өткөрүлбөстөн башталды. Адатта, мындай чоң мамлекеттик имараттарды оңдоо үчүн тендер жарыяланып, эң аз суммага ремонт кылып бере турган компания тандалышы керек болчу.

Ал ортодо эл өкүлдөрүнүн толук ишин баштап, жумушун жолго коюу үчүн жакында эле 15,5 млн сомго ноутбук, компьютер жана принтерлер сатып алына турганы кабарланган.

Белгилей кетсек, 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары мыйзам боюнча 28-октябрда аяктаган. Анткен менен Жогорку Кеңештин депуттары кайрадан парламенттик шайлоонун мөөнөтү 2021-жылдын жаз айларына чейин жылдырылгандыктан дээрлик жети ай иштешет. Бирок, эл өкүлдөрүнүн мындай кадамын юристтер Конституциялык мыйзамды одоно бузуу катары сыпатташууда. Себеби, мыйзамда парламенттин мөөнөтү 5 жыл деп так жазылган. Ал ортодо бир катар депутаттар «узартылган» ыйгарым укуктарынын маалында айлык албай иштөөнү сунуштап, айрымдары макул дагы болгон. Анткен менен аны бардык эле депутаттар колдоога алган жок. Эл өкүлү Евгения Строкова анын маянадан башка киреше булагы жок экенин айтып, бекер иштегенге макул эместигин айткан.

ТЕМА БОЮНЧА

Мамытов: Ак үй толугу менен ЖКнын балансына өттү. Имарат эл өкүлдөрүнүн айлыгына оңдолот

«200 миң эмес 25 миң сом». Парламент депутаттардын маяналары тууралуу үн катты