Камчыбек Ташиев эмгек өргүү алып, ден соолугун каратканы чет өлкөгө учуп кетти

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев эмгек өргүүсүн алып чет өлкөгө учуп кетти. Бул тууралуу 24.kg басылмасына 2-июлда атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ташиев ден соолугун каратканы кеткен. Бирок так кайсы өлкөгө кеткени айтылган жок. УКМКдан Ташиев кызматына жакын арада кайтат деп ишендиришти.

Камчыбек Ташиев үстүбүздөгү жылдын февраль айынын башында Германияга барып жүрөгүндөгү тромбду алуу боюнча операция жасаткан.

Ал арада Баткендин кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан аймактарынын тургундары Тажикстандыктар такталбаган аймактарга бак-дарак тиге баштаганын айтып эки күн катары менен митингге чыгышкан. Тургундар бийликтен чек араны демаркациялоо иштерин тездетүүнү талап кылышкан.

Мындан улам 18-февралда Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайтып келип, Баткен облусунун тургундары менен жолуккан.

Ал эми 28-апрель күнү ал операциядан кийин «ден соолугун калыбына келтирүү үчүн» кайрадан Германияга жөнөгөн. Бирок эртеси күнү кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал башталып, ал «жарым жолдон» кайтып келген.

30-апрелде ал Баткенге учуп келип, Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов менен ок атууларды токтотуу боюнча протокол кабыл алышкан.