«Сенин шаарың — сенин тандооң». Бишкекте кара түтүн көйгөйүнө арналган стрит-арт пайда болду

Бишкекте Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын тосмо дубалында кара түтүн жана айлана-чөйрөнү коргоо көйгөйүнө арналган стрит-арт пайда болду.

Стрит-арттын авторлорунун бири Вера Адрианова Instagram барагында долбоорду сүрөтчү Арслан Нарынбеков менен бирге ишке ашырганын жазган.

«Балким, көпчүлүк болгону жарым жыл мурда Бишкекте кара түтүндөн тумчугуп жүргөнүн унутуп калгандыр, бирок биздин эсибизде. Бул эмгек дал ошол башыбыздан кечирген, жана курчап турган дүйнөгө түгөтүүчү катары мамилебизди оңдобосок алдыда көрө турган (эгер буюрган болсо) коркунучтуу кышка арналды», — деп жазган ал.

Стрит-арт Вера Андрианованын макулдугу менен жарыяланды.

Стрит-арт долбоор Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти Расым Маратованын идеясы менен ишке ашкан. Ал долбоорду ишке ашыруу үчүн грантка ээ болуп, экология көйгөйлөрүнө көңүл бурууну каалаган.

Маратованын долбоорунун координатору Бактияр Асанов фейсбук барагына студент алгач стрит-артка ылайыктуу локация таап, андан соң Октябрь райондук акимчилигинен уруксат алганын жазган.

«Сүрөтчүлөрдү тапты, дизайнын бирге иштеп чыгышты, анан албетте тандаган жерге барып сүрөттү тартышты. Азыр тартуу иштери аяктады, өзүңөр барып көрүп келсеңер болот. Эми дене тарбия жана спорт академиясынын боз дубалынын ордуна ушундай кооздук пайда болду», — дейт ал.

Экология жана кара түтүн көйгөйү бишкектиктер үчүн — жаңы эмес. Ар жылы, кыш келер замат шаар тургундары жылытуу жана унаалардан бөлүнгөн газдан улам абанын булганышынан жапа чегишет.

Калаа бийлиги бул көйгөйдү бир нече жылдан бери чечүүгө аракет кылып келет, бирок азырынча натыйжа боло элек. Экологдор болсо жаңы конуштардан сырткары, көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган Бишкек ЖЭБден чыккан түтүн абанын сапатына таасир берет дешет. Бирок бийлик жылуулук борборлорунда катуу бөлүкчөлөрдү 97% тазалаган күчтүү чыпкалар орнотулган деп айтып келет.

Атмосферага булганч заттардын бөлүнүшүн азайтуу үчүн бийлик Бишкек ЖЭБин табият газына өткөрүүнү каалаган. Бирок өкмөт менен орусиялык «Газпром» азырынча баасын быча албай жатат.