Тажикстанда 18 жаштан жогору жарандар милдеттүү түрдө эмделет

Тажикстандын бийлигинин чечимине ылайык, өлкөнүн 18 жаштан өйдө курактагы жарандары милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүшү керек. Бул тууралуу COVID-19дун жайылышын алдын алуу үчүн эпидемияга каршы чараларды күчөтүү боюнча республикалык штаб 3-июлда билдирди.

Ошондой эле штаб башка өлкөлөргө чыккан жарандарга, кайтып келгенде ПЧР-тесттин бар-жогуна карабастан COVID-19га каршы текшерүүдөн өтүп, он күн обочодо болууну сунуштады.

Аны менен катар, бийлик тажикстандыктарды той-маараке өткөрүүдө меймандардын санын кыскартууга чакырды.

Тажикстанда эмдөө 23-мартта башталган. Өлкөдө Индияда өндүрүлгөн AstraZeneca жана SinoVac компаниясынын «CoronaVac» вакцинасы колдонулуп жатат

CentralAsia.Media басылмасынын маалыматына ылайык, Тажикстанда вакцинанын биринчи дозасын 205 миңден ашуун жаран алган.

Кыргызстанда эмдөө 29-мартта башталган. 4-июлга карата өлкөдө болгону 118 миң адам эмдөөдөн өткөн.

Борбор Азияда калкын эмдөө боюнча Казакстан алдыга кеткен. Өлкөдө 3,5 млн адам вакцина алган. Ал эми Өзбекстанда 2,3 млн, Монголияда 2 млндон ашуун адам эмделген.

Тема боюнча:

Вакцина алуу менен коронавирустун жайылышын кантип токтотсо болот? Түшүндүрөбүз