COVID-19. Балыкчыда тойканалар жабылып, ири иш чаралар токтотулду

Балыкчы шаардык мэриясы коронавирус пандемиясына байланыштуу жаңы чектөөлөр киргизилип жатканын кабарлады.

Ыкчам штабдын жыйынында ири ресторандардын ишин токтотуп туруу чечими кабыл алынган. Башка дагы чектөөлөр бар.

«Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалдын күчөшүнө байланыштуу, 2021-жылдын 5-июлунан тарта шаар аймагында маданий-массалык, спорт жана башка массалык иш чараларды жабык имараттарда өткөрүүлөргө чектөөлөр киргизилди. Иш- чараларды ачык асман үстүндө, санитардык эрежелерди сактоо менен 150гө чейинки адамдын катышуусу менен өткөрүү керек», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Ошондой эле, калкты тейлөөчү мекемелер менен ишканаларга санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууну күчөтүү тапшырылды — атап айтканда, банктар, чач-тарачтар, май куюучу жайлар, базарлар.

Дагы караңыз: «Зарылчылык жаралса» чектөө чаралары киргизилет — Республикалык штаб

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 6-июлга карата Кыргызстанда COVID-19дан сегиз адам каза болсо, анын үчөө Ысык-Көл облусунда катталган. Акыркы суткада 1233 адамга илдет жуккан, анын 35 учуру Ысык-Көлдүн тургундары.

Ысык-Көл облусунда 280 адам стационардык дарыланууда, дагы 158 адам үй шартында дарыланып жатат. Облуста сутка ичинде 16 адам айыкты.

Третья волна COVID-19

Акыркы апталарда өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны кескин жогорулады. Ал эми саламаттык сактоо министрлиги 15-июнда эле Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын расмий жарыялаган болчу.

Республикалык штаб кыргызстандыктарга эмедемиологиялык абал курчуп турган аймактарга баруудан карманып турууга чакырган. Ошондой эле, штаб жарандарды эл көп чогулган жерлерге барбоо жана санитардык талаптарды сактоого үндөгөн.

Мындан тышкары, штаб министрлик жана ведомство кызматкерлерин тез аранын ичинде эмдөөдөн өтүүгө чакырган. Маморгандардын жетекчилерине кызматкерлердин кеминде 50%ын, анын ичинде 60 жаштан ашкан кызматкерлерди, өнөкөт оорусу барларды, кош бойлуу аялдарды аралыктан иштөөгө өткөрүүнү тапшырган.

Тема боюнча:

«Пессимисттик сценарий менен кеттик». Саламаттык сактоо боюнча адис өлкөдөгү пандемия тууралуу

Вакцина алуу менен коронавирустун жайылышын кантип токтотсо болот? Түшүндүрөбүз

COVID-19дун үчүнчү толкуну: 118 кызматынын оператору катаал иштөө шартына даттанды