Уурдалган Орхан Инандыны колдогондор Ак үйдүн алдына митингге чыкты

Сүрөт: 24.kg

Бишкекте эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти, уурдалган Орхан Инандынын тарапташтары митингге чыкты. Алар Инандыны мекенине кайтарып келүүнү талап кылып жатышат.

«Бийлик расмий билдирүү кылсын, түшүндүрмө берсин деп талап кылып жатабыз. Кантип ушундай болду? Орхан Инандыны, Кыргызстандын жаранын кантип чыгарып кетишти? Түшүнбөй жатабыз, кантип ушундай болсун? Түркиянын атайын кызматы кыргызстандыкты кантип алып кетип калды? Корко баштайт экенсиң», — деп билдиришти алар 24.kg сайтына.

Анын жубайы Рейхан Инанды бул акцияга келе алган эмес. Инандынын адвокаты Таалайгүл Токтакунованын маалыматына караганда, күйөөсү тууралуу укканда анын саламаттыгы начарлап кеткен.

Инандынын Түркиянын чалгындоо кызматы тарабынан уурдалышы

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесин негиздеген төрт кишинин бири Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майынан бери дайынсыз болууда. Бул иш коомдо чоң резонанс жаратып, президент Садыр Жапаров УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Ал эми Инандынын уурдалышын ИИМ башчысы Улан Ниязбеков жеке көзөмөлүнө алган.

Укук коргоо органдары дайынсыз болуп аткан Инандыны издеп жатканда Бишкекте күн сайын «Сапат» мектептеринин президентинин жубайы менен анын тарапташтарынын митинги уланып жатты. Алар митингге чыккан сайын Инанды Түркиянын чалгын кызматы тарабынан уурдалганын айтып жатышты.

Арадан бир ай өткөн соң Инандынын жубайы менен анын тарапташтарынын кооптонуулары бышыкталды. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 6-июлга караган түнү жеке өзү билдирүү жасап, Инанды Түркиянын атайын кызматы тарабынан алынып келингенин маалымдаган.

Анын айтымында, Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы «террористтик уюмдун жогорку мансаптуу мүчөсүн» кармап, Түркияга алып келген.

«Акыры, Улуттук чалгындоо кызматы ФЕТОнун* Борбор Азия боюнча башкы менеджери Орхан Инанды биздин өлкөгө алып келди жана жоопко тартылат», — деди Эрдоган.

Ошондой эле, ал аталган атайын операциянын алкагында Түркияга 100дөн ашуун адам жеткирилгенин билдирди. Кыргызстандын ИИМи, УКМК дагы азырынча Инандыга байланышкан окуя боюнча комментарий бере элек.

*ФЕТО же Гүлендин жактоочулары — Түркияда террористтик деп табылган түрк жазуучусу Фетхуллах Гүлендин идеяларынын айланасында жаралган Түркиянын коомдук кыймылы. Кыймылдын ишмердиги билим берүү тармагында (140тан ашуун өлкөдө кыймылдын жактоочулары ачкан 1400гө чукул мектеп иштейт) жана конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүүдө өзгөчө активдүү.

Түркия 2016-жылы бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталган жазуучу Фетхуллах Гүлендин өзүн да террорист деп тапкан. Кийин түрк бийлиги дүйнө жүзүндө Гүленге байланыштуу мектептерди жаап, ФЕТОнун мүчөлөрүнүн экстрадицияланышын талап кыла баштаган. Гүлен өзү учурда АКШда жашайт.

Тема боюнча: Эрдоган Түркиянын атайын кызматы кыргыз жараны Орхан Инандыны уурдап кетишкенин билдирди