Күндүн иллюстрациясы: Кыргыз бийлиги үчүн эли — чыгымдоо материал

Сүрөтчү Татьяна Зеленская социалдык тармактардагы барактарында Түркиянын атайын кызматы тарабынан уурдалган Кыргызстандын жараны жана «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандыга арнаган иллюстрациясын жарыялады.

Арт: Татьяна Зеленская

«Ар бир өлкө үчүн эң эле чоң баалуулук — алтын, суу, ал тургай жери деле эмес, анын эли деп ишенем. Соңку окуялар учурда Кыргызстандын бийликтеги адамдары үчүн биз баарыбыз — ыргытып же белекке берип салууга боло турган чыгымдоо материалы экенибизди гана көрсөтүп турат», — деп жазган сүрөтчү.

Иллюстрациядагы костюмчан бою узун адам ойдуңдан кичинекей адамды отту көздөй тээп жатканын, ал эми погончон дагы бир башка узун бойлуу киши кайдыгер карап турганын, калган башка кичинекей аялдар менен эркектер үнүн жеткирүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

Орхан Инандынын уурдалышы

«Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майында уурдалган. Буга президент Садыр Жапаров реакциясын билдирип, УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган.

Ал арада «Сапаттын» жүздөгөн бүтүрүүчүлөрү жана кызматкерлери митингге чыгышып, Инандыны табууну талап кылышкан. Кийин алар Инандыны Түркиянын атайын кызматы уурдаган деп болжошкон.

Бул «Сапат» билим берүү мекемелери диний ишмер Фетхуллах Гүлендин Түркияда террористтик деп табылган *ФЕТО кыймылы менен тиешелүү делгенине байланыштуу болгон.

*ФЕТО же Гүлендин жактоочулары — Түркияда террористтик деп табылган түрк жазуучусу Фетхуллах Гүлендин идеяларынын айланасында жаралган Түркиянын коомдук кыймылы. Түркия 2016-жылы бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталган жазуучу Фетхуллах Гүлендин өзүн да террорист деп тапкан. Кийин түрк бийлиги дүйнө жүзүндө Гүленге байланыштуу мектептерди жаап, ФЕТОнун мүчөлөрүнүн экстрадицияланышын талап кыла баштаган. Гүлен өзү учурда АКШда жашайт.

Арадан бир ай өткөн соң Инандынын жубайы менен анын тарапташтарынын кооптонуулары бышыкталган. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 6-июлга караган түнү жеке өзү билдирүү жасап, Инанды Түркиянын атайын кызматы тарабынан алынып келингенин маалымдаган.

Анын айтымында, Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы «террористтик уюмдун жогорку мансаптуу мүчөсүн» кармап, Түркияга алып келген. Ошондой эле, ал аталган атайын операциянын алкагында Түркияга 100дөн ашуун адам жеткирилгенин билдирген.

Кыргызстандын бийлиги Эрдогандын билдирүүсүнө 6-июль күнү кечинде гана реакция кылган. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга нота тапшырган.

Буга элчи Инанды Түркиянын жараны деп жооп берген. Ошондой эле ал түрк тарап Кыргызстандын аймагында атайын операция жүргүзгөнүн айткан эмес деп белгилеген.Бирок кыргыз ТИМи Инандынын кыргыз жараны катары укуктарынын корголушу боюнча бардык чаралар көрүлөөрүн баса белгилеген.

Кийин президент Садыр Жапаров дагы Инандыга байланышкан окуяга комментарий берген. Ал «Орхан Инандыны кайтарып берүүнү талап кыларын» убадалап, түрк тарапка бул боюнча маселе көтөрүлгөнүн билдирген.

Ал эми УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев 7-июлда парламент жыйынында уурдалган Орхан Инанды өлкөдөн кандайча чыгарылып кеткени боюнча азырынча маалымат жоктугун айткан.