Түрк ЖМКлары: Инанды Түркияга Жапаровдун сапарынын алдында «белек» катары жеткирилген

Түркиянын апта сайын жарык көргөн Hurriyet өкмөттүк гезитине 7-июлда «Жапаровдун “белеги” келди» деген макала жарык көргөн.

Анда автор «Сапат» эл аралык мектебинин президенти Орхан Инандыны Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапарынын алдында «белек» катары алып келишкенин жазган.

«Президент Эрдоган Инанды Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) операциясынан кийин Түркияга алынып келингенин жарыялагандан кийин баары түшүнүктүү болду. Ага ылайык, MIT Кыргызстандын бийлиги менен кызматташтыкта Орхан Инандыны президент Жапаровдун сапарына чейин алып келген. Башкача айтканда, “белек” Түркияга Кыргызстандын президентинин келерине чейин бир апта мурда келген», — деп айтылат материалда.

Андан тышкары, макаланын автору Инандынын уурдалышы «башталышы гана, мындан ары ал башкарган мектептерди өткөрүп алуу башталаарын» белгилеген.

«ФЕТО* мүчөлөрүнө Борбор Азиянын бир дагы аймагында коопсуз жер жок, анткени Кыргызстандан уюмдун аймактагы эң маанилүү мүчөсүн Түркияга алып келишти. Анан калса ошол өлкөнүн жараны. Түрк сот системасы менен MITтен качып кетүү мүмкүн эмес», — деп айтылган материалда.

*ФЕТО — түркчөдөн которулганда «Фетхуллахтын террористтик уюму» деп аталат. Түркия 2016-жылы бул уюмду бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап, Гүлен түптөгөн мекемелерди террористтик деп тааныган.

«Сандырак»

7-июлда президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кыргыз бийлигинин Орхан Инандынын уурдалышына тиешеси бар экени тууралуу божомолдордун баарын «таптакыр сандырак» деп атаган.

«Орхан Инандынын жоголгону белгилүү болгондон тартып президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарына ыкчам-издөө амалдарын, чек ара көзөмөлүн күчөтүүнү, Инандыны издөөгө кошумча күчтөрдү тартууну тапшырган», — деп билдирген Султанбаев.

Ошондой эле ал буга чейин Инандыны үч жолу уурдоо аракети болгонун, «акыркы жолу аны Кыргызстандын атайын кызматы алып калганын», андан соң ага жансакчылардын коштоосунда болуу сунушталганын да эске салган.

«Азыркы учурда түрк тараптан расмий жооп келе элек, бирок алар Инанды түрк жарандыгынан баш тартпаганын жана Түркиянын жараны болуп эсептелет деп оозеки түрдө айтып жатышат», — деп кошумчалаган басма сөз катчы.

Ал эми эртеси күнү 8-июлда Бишкек ШИИББи Инандынын эки жарандыгы болгонун билдирген. Милициянын маалыматына ылайык, ал мөөнөтү 2024-жылдын 23-сентябрында аяктай турчу Түркиянын жаранынын паспортун алып жүрүп, 2012-жылы Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту менен ID-паспортун алган.

«Орхан Инанды Кыргызстандын жана Түркиянын паспортторун колдонуп жүргөн. Бирок, Орхан Инанды Түркияда туулуп-өскөн жана Түркиянын жарандыгынан баш тарткан эмес, демек ал Түркиянын жараны болуп эсептелет», — деп билдирген калаа милициясы.

Ал эми буга чейин Инандынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова, анын Түркияда алган паспорту жараксыз экенин билдирген.

Тема боюнча: Бишкек ШИИБи: Инандынын кыргыз жана түрк жарандуулугу бар болгону аныкталды

Орхан Инандынын уурдалышы

«Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майында уурдалган. Буга президент Садыр Жапаров реакциясын билдирип, УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган.

Укук коргоо кызматкерлери Инандыны издеп, ал эми «Сапаттын» кызматкерлери аны Түркиянын атайын кызматы уурдаган деп болжошкон. Ал арада «Сапаттын» жүздөгөн бүтүрүүчүлөрү жана кызматкерлери митингге чыгышып, Инандыны табууну талап кылышкан.

Бул «Сапат» билим берүү мекемелери диний ишмер Фетхуллах Гүлендин Түркияда террористтик деп табылган *ФЕТО кыймылы менен тиешелүү делгенине байланыштуу болгон.

Арадан бир ай өткөн соң Инандынын жубайы менен анын тарапташтарынын кооптонуулары бышыкталды. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 6-июлга караган түнү жеке өзү билдирүү жасап, Инанды Түркиянын атайын кызматы тарабынан алынып келингенин маалымдаган.

Анын айтымында, Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы «террористтик уюмдун жогорку мансаптуу мүчөсүн» кармап, Түркияга алып келген. Ошондой эле, ал аталган атайын операциянын алкагында Түркияга 100дөн ашуун адам жеткирилгенин билдирди.

Кыргызстандын бийлиги Эрдогандын билдирүүсүнө 6-июль күнү кечинде гана реакция кылды. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга нота тапшырды.

Элчи буга жооп кылып, Инанды Түркиянын жараны экенин айткан. Ошондой эле. ал Түркия тарап аталган операцияны Кыргызстандын аймагында жүргүзгөнү тууралуу айтапаганын белгилеген.

Бирок тышкы саясий ведомстводон Инандынын кыргыз жараны катары укуктарынын корголушу боюнча бардык чаралар көрүлөөрүн баса белгилешкен.

Кийин президент Садыр Жапаров дагы Инандыга байланышкан окуяга комментарий берген. Ал «Орхан Инандыны кайтарып берүүнү талап кыларын» убадалап, түрк тарапка бул боюнча маселе көтөрүлгөнүн билдирген.

УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев 7-июлда парламент жыйынында уурдалган Орхан Инанды өлкөдөн кандайча чыгарылып кеткени боюнча азырынча маалымат жоктугун билдирген.