Тажикстан Ооганстандын «Талибан» менен чыры курчуп кеткендиктен ЖККУдан жардам сурады

Тажикстандын Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы (ЖККУ) өкүлү Хасан Султонов Ооганстандагы абал боюнча 7-июлда өткөн жыйында ооган аскерлери менен согушуп жаткан «Талибан» кыймылынын аракеттеринен улам чек араны бекемдөөгө жардам сурады.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик деп табылган. «Талибан» кыймылынын аскерлери радикалдуу мүнөздөгү аракеттери менен эле эмес, башка дагы террористтик топторго, анын ичинде Кыргызстанда тыюу салынган «Аль-Каидага» тиешеси бар экени менен дагы белгилүү.

Султонов белгилегендей, мурдараак Ооганстандын өкмөтүнүн аскерлери менен «Талибан» согушкерлеринин кагылышуусунан улам 1500дөн ашуун ооган аскери Тажикстандын аймагына чегинген.

«Аймакта жаралган кырдаалды жана Ооганстан менен чектешкен чек аранын айрым участкалары оңой менен жете албаган тоолуу аймакта экенин эске алганда, бул маселени жалгыздап чечүү мүмкүн эмес. Мындай кырдаал ЖККУнун алкагындагы адекваттуу реакцияны талап кылууда. Анын ичинде түштүк аймактарды коргоо боюнча күчөтүлгөн чараларды көрүү керек», — деген Султонов.

ЖККУга Тажикстандан сырткары Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Армения жана Беларус кирет.

Тажикстандын бийлиги мурда дагы ооган аскерлери менен «Талибан» согушкерлеринин кагылышуусуна реакция кылып, өлкөнүн түштүгүндөгү Ооганстан менен чектеш аймактарында чек арасын бекемдеген. Андан тышкары, Тажикстан зарыл болгон аймактарга кошумча күчтөрдү жөнөтүүнү пландап жатат.

Ага ылайык, тажик-ооган чек арасын бекемдөөгө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон резервдеги 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялоо тапшырмасын берген.

Ооганстанда абал 2021-жылдын май айынан тартып курчуп баштаган. Буга 20 жылга чукул Ооганстандын аймагында болгон АКШ жана ага союздаш өлкөлөрдүн аскерлери чыгарылып жатканы себеп болду

Буга чейин белгилүү болгондой, 4-июлда «Талибан» согушкерлери Фарьяб ооган провинциясындагы Андхой районун басып алышкан. Анда Акина кургак порту жайгашкан. Бул кургак порт Түркмөнстан менен чектеш аймактан орун алып, согушкерлер басып ала элек болчу. Бирок өз ишин токтоткондуктан ошол аймакта азык-түлүктүн баасы кымбаттап кеткен.

Андан тышкары, Afghanistan Times ооган басылмасынын маалыматына караганда, «Талибан» Фарьяб провинциясынын 13-14 районун көзөмөлдөп жатат.