COVID-19: Акыркы суткада он бейтап каза болуп, жаңы 1295 учуру катталды

Кыргызстанда 10-июлда коронавирус жуктуруунун 1295 жаңы учуру катталып, он адам каза болду. Алардын алтоо Бишкек шаарынын, экөө Чүй облусунун, бирөө Ош облусунун, дагы бирөө Ош шаарынын тургундары. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Бишкек шаарында — 788;

Чүй облусунда — 160;

Баткен облусунда — 103;

Жалал-Абад облусунда — 64;

Ош шаарында — 51;

Ысык-Көл облусунда — 46;

Ош облусунда — 38;

Нарын облусунда — 26;

Талас облусунда - 19;

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 138 353кө жетти. Алардын ичинен 117 250 адам ооруканадан айыгып чыкты. Ал эми пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 2093 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 4 585 бейтап бар, 1 310 адамдын абалы оор, дагы 13 282 киши үй шартында дарыланууда.

Өлкө боюнча сутка ичинде 45 медицина кызматкери коронавируска чалдыкты. Аларлын көпчүлүгү Баткен облусу жана Бишкек шаарынан. Пандемия башталганы коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 5 806га жетти, анын ичинен 5 109 медкызматкер илдеттен айыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз