«Ооруканага түшүп калуудан коркпойсузбу?» Токмок АШКнын башчысы коркутууга кабылганын айтты

Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Жылдыз Молдогазиева «Эл Биримдиги», «Бирге-Вместе» жана «Патриот Ынтымагы» партияларынын өкүлдөрү коркутуп жатканын билдирген. Борбордук шайлоо комиссиясы 9-июлда Молдогазиеванын арызын карады.

Аны менен катар, 8-июлда БШКга «Патриот Ынтымагы» партиясынын өкүлү арыз менен кайрылып, Токмок АШКнын башчысы мыйзам бузуп жатканын билдирген. Аталган партия талапкердин ар-намысына шек келтирген жалган маалымат таратканы үчүн Молдогазиевага чара көрүүнү өтүнгөн.

Молдогазиева болсо үйүнө коркутуп эч ким келбегенин — болгону БШК бул маалыматты эске алып коюусун каалап жатканын айткан.

«Таксиге отурганымда айдоочу:“Сизге жеткирип кой дешти. Ушул кылганыңыздан кийин ооруканага түшүп калуудан коркпойсузбу?” — деди. Мен аялмын да, коркуп кеттим. Ал унаадан түшө качтым. Үйгө кантип жеткенимди билбейм. Өзүмдү коргоо үчүн сиздерге жаздым. Кечээ жумушка партиялардын өкүлдөрү келишти. “Сиз эмнеге бизге эскертүү бердиңиз, башкаларга”... Мунун баары демитүү менен айтылып, менден актанууну талап кылгандай болду. Дагы “Биздин партиядан ким келди?” деген сыяктуу суроолор болду. Мен кайдан билем ал ким экенин?» — деп айтып берген ал. Бирок бул провокация да болушу мүмкүн экенин четке каккан эмес.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова болсо Молдогазиеванын мынчалык таасирленип жатышы ашыкча экенин айтты.

«Мен сизге ойлонууну сунуштайм, бул иште кыйналып жатсаңыз, кесиптештериңиз менен мындан аркы кадамдарды, АШК курамындагы макамыңызды талкуулап чыгыңыз», — деп билдирди Шайлдабекова.

Аны менен катар, БШК мүчөлөрү Токмок комиссиясынын төрайымына укук коргоо органдарына арыз менен кайрылууну сунушташты.

Токмоктогу кайра шайлоо

Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо Бишкек жана Ош шаарларындай эле 11-июлда өтөт. Буга чейинки жергиликтүү кеңешке шайлоо 11-апрелде өткөн болчу. Бирок аталган үч шаарда көптөгөн бузуулардан улам шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

БШК мүчөлөрү мындай чечимди Боршайкомдун жумушчу тобу баяндама жасагандан кийин кабыл алган. Буга чейин ал БШКнын мүчөлөрүнө Токмок шаарындагы жети шайлоо участкасында добуштун жыйынтыгын жараксыз деп табууну сунуштаган.

Аталган участкаларда шайлоочуларды жапырт каттоого тургузуу манипуляциясына байланышкан бузуулар катталганы айтылган.

БШКнын маалыматына караганда, Токмок шаардык кеңешин шайлоодо «Эмгек» партиясы көп добушка — 47,7% — ээ болуп, биринчи орунга чыккан жана депутаттык мандаттардын көпчүлүгүнө ээ болгон.

Алдын ала маалымат боюнча партия 31 депутаттык мандаттын 16сын алышы керек болчу.

Бирок, добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы жарыялангандан кийин, «Эл Биримдиги», «Ата-журт Кыргызстан», «Бирге» жана «Республика» партиялары «Эмгек» партиясы шайлоодо массалык мыйзам бузууларга барган деп айтып чыгышкан.