Президент жана биринчи айым добушканадан сырткары добуш беришти

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров жана анын жубайы Айгүл Жапарова 10-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо участогунан сырткары шайлашты. Буга өлкө башчысынын жеке коопсуздук кызматкерлеринин биринен коронавирус аныкталгандыгы себеп болду.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Жапаров тапшырган ПЧР-тесттин жыйынтыгында COVID-19 илдети аныкталган эмес.

«Бирок Садыр Жапаровго эпидемиологдордун берген сунуштары боюнча, ал түздөн-түз байланышта болгондугу үчүн башкалардын ден соолугуна коркунуч келтирбөө максатында обочолонуу чараларын көрүшү зарыл. Ошондуктан участкалык шайлоо комиссиясы көчмө добуш берүүнү уюштурду», — деп жазылат маалыматта.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 10-июль саат 12:00гө берген маалыматы боюнча Бишкек шаарында 124 шайлоо участогу жайдан тышкары добуш берүүнү аяктап, анда 1 467 шайлоочу добуш берген. Жалпысынан калаада 228 шайлоо участогу бар. Анын 183үндө шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү жөнүндө арыздар берилген.

11-июлда Ош, Бишкек жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өтөт. Ал эми буга чейин 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы БШК жокко чыгарган. Мындай чечим добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир берген бузуулардан — добуш сатып алуу, админресурс, шайлоочуларды жапырт катоодон улам кабыл алынган.