Ысык-Атада 16 жана 18 жаштагы кыздар көлмөгө чөгүп каза болду

Ысык-Ата районунун Эпкин айылындагы көлмө. Сүрөт: ӨКМ

Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Эпкин айылында 16 жана 18 жашар кыздар көлмөдөгү сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу 10-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Министрилктен билдиришкендей, аларга эки кыз көлмөгө чөгүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге үч куткаруучу кечки саат жетилер чамасында жетип, издөө иштерин жүргүзгөн. Анын негизинде 2003-жылы туулган кыздын денеси саат 19:30да табылган. Ал эми 2005-жылы туулган экинчи кыздын денесин куткаруучулар 21:10до табышкан.

Каза болгон кыздардын сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Буга чейин 1-июлда Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылында 18 жаштагы бала менен 13 жашар өспүрүм Ак-Буура каналына чөгүп кетип каза болгон. Алардын сөөгү 30-июнда Ак-Буура — Араван каналынан табылып, ата-энелерине өткөрүп берилген. Маркумдардын ата-энелери балдарынын сөөгүн экспертизага берүүдөн баш тартышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ала-Арча суу сактагычына 13 жашар бала чөгүп кетти

Ош: Күн ысыкта Ак-Буура каналына түшкөн 13 жана 18 жаштагы балдар сууга чөгүп кетишти

Жалал-Абадда мал кайтарып жатып дарыяга чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды