Алдын ала жыйынтык: Ош шаардык кеңешке шайлоо босогосунан төрт партия өттү

Материал жаңыртылып турат.

Борбордук шайлоо комисиясы Ош шаардык кеңешке өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады. Оштун аймактык шайлоо комиссиясы дээрлик 86 пайыз добуштарды эсептеп чыкты.

Ага ылайык Ош шаардык кеңешке аттанган партиялар шайлоочулардын төмөнкү добуштарына ээ болушту:

«Ата-Журт Кыргызстан» — 37,67%;

«Биздин Кыргызстан» — 31,77%;

«Улуттар биримдиги» — 15,24%;

«Бир Бол» — 8,81%;

«Бүтүн Кыргызстан» — 1,03%;

«Келечек-Будущее» — 0,73%;

«Нур» — 0,62%

«Улуу-Журт» — 0,48%.

Мыйзамга ылайык, Ош шаардык кеңешке өтүү үчүн партиялар 7%дык босогодон өтүшү керек. Алдын ала жыйынтыктарга ылайык, жергиликтүү кеңешке «Ата-Журт Кыргызстан», «Биздин Кыргызстан», «Улуттар биримдиги» жана «Бир Бол» партиялар өттү.

Шаардык кеңешке өткөн партиялар тууралуу эмне белгилүү?

«Ата-Журт Кыргызстан» Ош шаардык кеңешке шайлоого экинчи жолу катышып жатат. Аталган партия 11-апрелдеги шайлоодо Ош шаардык кеңештин дээрлик жарым мандатына ээ болгон.

Бул партия Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы жана президенттин жакын досу Камчыбек Ташиевге тиешелүү экени айтылат. Мисалы, 11-апрелдеги Жалал-Абад шаардык кеңешине УКМКнын башчысынын уулу Тай-Мурас Ташиев «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен катышып мандат алган.

Ошондой эле «Ата-Журт Кыргызстан» «бийликчил» партия деп аталып келет, себеби анын талапкерлеринин дээрлик жарымы муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери болуп саналат.

«Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын уставы 2020-жылдын октябрында түзүлгөн. Анын лидери болуп Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов эсептелет. Партия шайлоого биринчи жолу катышып жатат.

«Улуттар Биримдиги» партиясы Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоолорго буга чейин да катышып келген. Аталган партияны Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов негиздеген.

«Бир Бол» саясий партиясы 2015-жылы Ош шаардык кеңешке өткөн шайлоодо беш мандатка ээ болгон. Аталган партия мурда мандат алгандардын арасынан жалгыз Ош шаардык кеңешине кайрадан өттү. Партиянын төрагасы болуп депутат Алтынбек Сулайманов эсептелет.

Буга чейинки шайлоодо кайсы партиялар өткөн?

11-апрелде жыйынтыгы жокко чыккан Ош шаардык кеңешке шайлоодо «Ата-Журт Кыргызстан» — 49%, «Улуттар биримдиги» — 17%, «Ыйман Нуру» — 7% жана «Ынтымак» — 7% добуштарды алган.

Ал эми кайра шайлоодо эки партия кайрадан мандаттарга ээ болушту. «Ынтымак» партиясы бул шайлоого катышуудан баш тартууга аргасыз болду. Анткени алардын талапкерлеринин бири добуш сатып алууга шектелип кармалган болчу.

«Ыйман Нуру» партиясы болсо бул шайлоого катышкан жок, бирок анын талапкерлеринин көпчүлүгү «Биздин Кыргызстан» партиясынын катарында катышты. Эки партияны тең депутат Айбек Осмонов негиздеген.