Кайра шайлоо: «Клооптун» байкоочулары саат 14:00гө карата кандай бузууларды катташты?

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында бүгүн 11-июлда шаардык кеңештердин депутатарын кайра шайлоо өтүп жатат. БШКнын саат 15:00гө карата маалыматына ылайык, 105 миңден ашык (17,06%) адам добуш берди.

Ал арада «Клооптун» байкоочулары үч шаарда шаайлоо участкаларында бузуулар болуп атканын каттап жатышат.

Үгүт

Ошто № 5312 УШКнын жанында аял шайлоочуларды №4 «Улуттар Биримдиги» партиясын шайлоого үгүттөп жатат. Бул тууралуу ушул эле партияга добуш берүүгө үгүттөлгөн шайлоочулардын бири айтып берди.

Аны менен катар, «Клооптун» байкоочулары Оштогу №5308 участкасынын аймагында «Бир Бол» партиясынын өкүлдөрү үгүт жүргүзүп жатканын билдиришти. Алардын айтымында, бирболчулар көчөгө чыгып үгүт жүргүзүп, кайра участкага байкоочу катары кирип кетишүүдө.

АСУ

Бишкекте №1233 УШКда Автоматтык саноочу урна (АСУ) туура эмес пламбаланган. УШК мүчөлөрү биздин байкоочулардын суроосуна АСУ иштен чыкканда капкагын ачып, оңдоп койгон жеңилирээк деп жооп беришкен.

Мыйзам боюнча, пломба бюллетендерди тутамдап таштоонун алдын алуу үчүн АСУнун алдыңкы жана үстүнкү бөлүгүн бириктирип турушу керек.

Тизмелер

Тизмелерге кайтабыз. Бишкекте № 1343 участокто «Ишеним» партиясынын байкоочусу шайлоочуларды тизмеде белгилеп жатат. «Клооптун» байкоочуларынын айтымында, аталган аял шайлоочуларды эмне үчүн тизмеде белгилеп жатканын түшүндүрө алган эмес. Ал «мага ушундай кыл деп айтышкан» деп кутулду.

Ошто № 5303 участокто «Улуттар Биримдиги» партиясынын байкоочусу тизмеде «өзүнүн» шайлоочуларын белгилеп жатат. Мындан тышкары, ал утур-утур УШК мүчөлөрүнө сүйлөшүү үчүн барып жатат. Биздин байкоочулардын суроосуна ал «беткап тууралуу сураганы» бардым деп жооп берди.