Ош: Адашып добуш берип алган шайлоочу бюллетенди жыртып салды

Ош шаарындагы №5307 шайлоо участогунда шайлоочу бюллетенди тытып салды. Ал мунун себебин башка партияга «адашып» добуш берип алганы менен түшүндүрдү.

Шайлоочу «Турмуш» басылмасына билдиргендей, ал адашып калгандан кийин комиссия мүчөлөрүнөн «жаңы бюллетен алууга болобу» деп сураган. Бирок алар башка бюллетень берүүдөн баш тартышкан.

Калаа тургуну «эгер бюллетенди жыртпасам, менин ордума урнага салып коюшмак» дейт.

«Ишенбегенимден улам тытып салдым. Өзүм каалаган [партияны] шайлоого укуктуумун да», — деди ал.

Ал эми аталган участоктун шайлоо комиссиясынын төрайымы Гүлбара Андаракова «Турмушка» шайлоочу сураганда башка бюллетень «берилбейт» деп айтканын тастыктады.

Анткен менен БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов «Клоопко» шайлоочу адашып добуш берип алса, ага кайрадан башка бюллетень берилиши керектигин айтты.

«Аны айрып жокко чыгарып койсо да акт түзүп, колундагы чек менен башка бюллетень бериши керек», — деди Бекматов.

Ал эми участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымына кайрадан байланышканыбызда, ал «Клоопко» шайлоочуга башка бюллетень бермекчи болгонун айтты. Бирок буга добушканадагы байкоочулар каршы болгондуктан ал оюнан кайтканын белгиледи.

«Мен “ал баары бир шайлашы керек да” десем, “жок, ал кандай ойдо болгонун ачык эле айтты да” дешти. Анан мен адашып калбаш үчүн өзүмдүн кураторума чалып, юрист менен сүйлөштүм. Юрист да берилбеши керектигин айтты», — деди ал.

Ошондой эле төрайым бюллетендин жыртылганы боюнча акт түзүлгөнүн кошумчалады.


11-июлда Ош, Бишкек жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өтүп жатат. Үч шаардык кеңешке шайлоодо 26 партиядан 2 204 талапкер ат салышууда.