Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо башталды

Ош шаарындагы №5278 шайлоо участогу. Сүрөт: Зарина Маматжанова / Клооп

Бүгүн, 11-июлда, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өтүп жатат. Буга чейинки шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылган.

Жалпысынан үч шаарда кайра шайлоого 617 517 шайлоочу катталды. Анын басымдуу бөлүгү Бишкекте добуш беришет — 426 699, Ошто — 152 718 жана Токмокто — 38 100 киши шайлоого катышуу ниетин билдирген. Шайлоо эртең мененки саат 8:00ден кечки саат 20:00ге чейин созулат.

Үч шаардык кеңешке шайлоодо 26 партиядан 2 204 талапкер ат салышууда. Борбор калаада 18 партия, Ош шаарында сегиз, ал эми Токмокто алты партия катышууда.

Кечээ, 10-июлда, өлкө боюнча 3 511 жаран добуштарын участоктон сырткары добуш беришти — алардын арасында президент Садыр Жапаров да бар. Буга өлкө башчысынын жеке коопсуздук кызматкерлеринин биринен коронавирус аныкталгандыгы себеп болду.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү учурундагы мыйзам бузууларды төмөнкү номурлар аркылуу кабарлоону суранууда:

Кыска номур – 1255;

WhatsApp – 0990 02-12-55;

Жарандардын кайрылуусу үчүн – 0502001255

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg

ТЕМА БОЮНЧА:

Тизме: Бишкек, Ош жана Токмокто кайра шайлоого катышууну каалаган партиялар аныкталды

«Ынтымак» партиясы Ош шаарында шайлоого катышуудан баш тартууга аргасыз болду. Эмне үчүн?