Түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү иши. МККнын экс-башчысы кармалды

Түркиянын жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү иши боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин мурдагы башчысы Дүйшөн Сатыбалдиев кармалды. Бул тууралуу 11-июлда Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Ал «туруктуу коррупциялык схеманын жардамы менен мыйзамсыз иш-аракеттерге» барып, кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелип жатат.

10-июлда борбор калаанын ИИББи «Коррупция» беренеси менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго карата 2016-жылы чет өлкөлүк жарандарга кыргыз паспортун мыйзамсыз бергенине байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган.

Окуянын чоо-жайы

Тергөө иштери кыргыз-түрк «Сапат» эл аралык мектебинин президенти Орхан Инандынын жарандыгына байланышкан териштирүүлөрдүн шартында башталган. Инандыны түрк атайын кызматы Бишкектен уурдап, Түркияга алып кеткени белгилүү болгондон кийин, бир айдан бери Инандыны издеп жаткан Кыргызстандын укук коргоо органдары анын Кыргызстанда жашап жүргөнүнүн мыйзамдуулугунан күмөн санап башташкан.

8-июлда Бишкек ШИИББи Инандынын эки жарандыгы болгонун билдирген. Милициянын маалыматына ылайык, ал кыргыз ID-паспортун 2012-жылдын 28-июнунда, ал эми жалпы жарандык паспортту 2012-жылдын 25-декабрында алган.

Ошол эле кезде, милициянын маалыматы боюнча, Инанды чек арадан өтүүдө түрк паспортун дагы колдонуп жүргөн. Мындан тышкары, ШИИБ Орхан Инандынын кыргыз паспортун алгандыгынын мыйзамдуулугу боюнча иликтөө 2019-жылы эле башталганын билдирген.

Ал эми УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ошол эле күнү маалымат жыйын куруп, Инанды эки паспорт колдонуу менен мыйзам бузду деп билдирген. Бул үчүн ага карата Кыргызстандын аймагында кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Мындан тышкары, Түркиянын Anadolu маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, Орхан Инанды террористтик аскер уюмун түзүп башкарганы үчүн кармалган. Ошондой эле ал бул уюмдун мүчөлөрү болуп эсептелген 25 түрк жаранына кыргыз паспортторун мыйзамсыз алып берген деп дагы айыпталууда.

Тема боюнча: Камчыбек Ташиев: Орхан Инанды башка мамлекетте жасаган кылмыштары үчүн жооп берип жатат

Сатыбалдиев деген ким?

Дүйшөн Сатыбалдиев — МККга караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин экс-төрагасы.

2015-жылы ИИМ аткаминерге каршы паспорттторду мыйзамсыз берүү жана тендер өткөрүү жөнүндө мыйзамдарды бузууга шектеп, эки кылмыш ишин козгогон. Сатыбалдиев издөөгө жарыяланган.

Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин шайлоосуна талапкерлигин коюу үчүн кызматын тапшыргандан кийин ИИМ ага карата иш козгогон. Ал «Ата Мекен» партяисында 64-катарда бара жаткан. Партия лидери Өмүрбек Текебаев бул саясий буйрутма экенин айтып чыккан.

ИИМ анда 2013-2015-жылдары Кыргызстанда 6 миң жасалма паспорт берилгенин белгилеген. ИИМ Сатыбалдиевдин бул схемага тиешеси бар деп эсептейт.

Мындан тышкары, Дүйшөн Сатыбалдиевге карата 2011-жылы паспортторду мыйзамсыз берүү боюнча кылмыш иши кзголуп, кийин ал жабылган. 2014-жылы да тендер өткөрүүдөгү бузууларга байланыштуу кылмыш иши козголгон.