Токмокто массалык каттоого тиешеси бар эки кишиге шайлоого катышууга уруксат берилген жок

Борбордук шайлоо комиссиясы Токмок шаардык кеңешке аттанган «Эмгек» жана «Асыл Мурас-Жаштар» партияларынын бирден өкүлүн талапкер катары каттоодон баш тартты.

Алгач Боршайком «Эмгек» партиясынын талапкери Арнур Батырбек уулун шайлоочуларды жапырт каттоого тиешеси бар болгондуктан аны талапкер катары каттоодон баш тарткан.

БШКнын маалыматына ылайык, Батырбек уулу апасынын үйүнө өткөн жылы парламенттик шайлоого жакын 111 адамды каттаган. Алар «Биримдик» партиясынын штабынын көрсөтмөсү менен катталганын аныкталды. Ошол кишилердин 46-сы 11-апрелде болгон Токмок шаардык кеңешке шайлоодо добуш беришкен.

Парламенттик шай лоодо Батырбек уулу «Биримдик» партиясынан талапкер болгон. Кийин шаардык кеңешке өткөн шайлоого «Эмгек» партиясы менен катышкан.

«Катталган жарандар иш жүзүндө Токмокко жакын жайгашкан айылдарда жашайт жана Токмок шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү катары шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга укуксуз болушкан», — деп билдиришти БШКдан.

Батырбек уулу Боршайкомдун чечимине сотко даттанган, бирок Жогорку сот комиссиянын чечимин күчүндө калтырды.

«Асыл Мурас-Жаштар» партиясынын мүчөсү мүчөсү Рустам Юнусовдун да Токмокто шайлоочуларды массалык каттоого тиешеси бар болгону үчүн талапкерлиги катталган эмес. Анткени 11-апрелде ал шайлоого «Эмгек» партиясы менен катышып, шайлоочуларды массалык каттоого алууга айыпталган.

Юнусов дагы БШКнын чечимин сотко даттанган, бирок Бишкек шаарынын административдик соту анын арызын канааттандыруусуз калтырды.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө. Токмок шаардык кеңешине алты партия ат салышууда. Ал эми буга чейинки шайлоонун жыйынтыктары массалык каттоо, добуш сатып алуулар жана админресурс колдонуудан улам жокко чыгарылган.