Видео: Ош шаарында шайлоочулар массалык түрдө ташылып жатат

«Клооптун» журналисттери Ош шаарындагы №5281 шайлоо участогунда шайлоочуларды массалык түрдө ташып жатышканына болушту. Журналисттер тарткан тасмадан кичи автобус менен онго жакын шайлоочу ташылганын көрүүгө болот.

Шайлоочуларды алып келген маршрутканын айдоочусу ал кошуналарын ташып келгенин айтып, эч кайсы партияга иштебегенин билдирген.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өтүүдө. Ош шаардык кеңешине «Улуу-Журт», «Бир бол», «Бүтүн Кыргызстан», «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги», «Биздин Кыргызстан», «Келечек-Будущее» жана «Нур» партиялары ат салышууда.