Бишкек: COVID-19 илдетине каршы эмдөө пункттарынын картасы

11-июлда Кыргызстанга Кытайдын коронавируска каршы Sinopharm вакцинасы келди. Өлкөгө жалпы 1 млн 250 миң доза алып келинсе, анын 150 миң дозасы Кытай өлкөсүнөн гуманитардык жардам катары берилген.

Мындан улам саламаттык сактоо министрлиги калкты эмдөө боюнча активдүү кампания баштады. Ал үчүн бүткүл өлкө боюнча каалоочулар үчүн убактылуу эмдөө пункттары ачылды. Коронавируска каршы эмдөө акысыз.

Бишкек шаарынын аймагындагы эмдөө пункттарынын картасы

Эмдөө пункттарынын иштөө тартиби:

  • Мамлекеттик убактылуу эмдөө пункттары — 8.00дөн 23.00гө чейин;
  • Менчик медборборлор — 8.00дөн 17.00гө чейин (акысыз);
  • Жалпы билим берүү мекемелери — 9.00дөн 17.00гө чейин;
  • Соода-оюн-зоок борборлору — 10.30дан 21.30га чейин;
  • Маданий-спорттук борборлор — 9.00дөн 17.00гө чейин;
  • Мобилдүү бригадалар — 9.00дөн 17.00гө чейин.

Бүткүл Кыргызстан боюнча эмдөө пункттарынын толук тизмесин бул жерден көрүүгө болот.

Кыргызстанда калкты эмдөө 2021-жылдын март айында башталган. Саламаттык сактоо министрлигинин 12-июлга карата маалыматында вакцинанын биринчи дозасын 129 миң адам алган, ал эми экинчи дозасын 84 миң адам сайдырган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 жуктуруунун 140 978 учуру катталган. Бул аралыкта 2 113 адам коронавирустан көз жумган.