Карантин киргизилбейт, эмдөө ыктыярдуу бойдон калат — министр Бейшеналиев

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун» эфиринде COVID-19дан улам карантин чараларын киргизүү пландалбаганын билдирди.

«Биз карантин чараларын киргизе албайбыз, азыр Ысык-Көлдө туристтик сезон жаңы ачылды. Ал жакта медиктер күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Өзүңөр көрүп жатасыңар, Ысык-Көлдө ооруга чалдыккандар өтө көп эмес жана кошумча орундар камдалган», — деп билдирди Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы 2020-жылы жарыяланган карантин эки ай ичинде өлкөнүн экономикасына сокку уруп, анын кесепеттерин жоюуга донорлордун каражаты жана насыялары жардам бергенин белгиледи. Аны менен катар Бейшеналиев карантин киргизүү кризиске алып келерин кошумчалады.

Ошондой эле, эфир учурунда министр Кыргызстанда жалпы элге милдеттүү эмдөө киргизилбей турганын айтып берди. Анын айтымында, эгерде милдеттүү эмдөө киргизилсе «элге вакцинанын таасири тууралуу түшүндүрүү татаалдашат».

«Азыр биз ЖМК жана медкызматкерлер аркылуу вакцина алуу, анын артыкчылыктары тууралуу айтып берип жатабыз», — деген Бейшенеалиев.

Ошол эле учурда, буга чейин саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандын бардык медицина кызматкерлерин коронавируска каршы вакцина алууга милдеттендирген жарлык чыгарган болчу. Андан тышкары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматкерлерди мажбурлап эмдөөдөн өткөрүүнү сунуштаган.

Анын идеясы боюнча, медиктер менен мамкызматкерлерге COVID-19га каршы вакцина алмайын айлык берилбеши керек.

Кыргызстанда эмдөө кампаниясы башталды, жалпы 129 миң адам коронавируска каршы вакцина алды, анын ичинен экинчи дозасын сайдыргандардын саны — 84 миң адам. Ошондой эле, 11-июлда өлкөгө Sinopharm вакцинасынын көптөн күткөн партиясы алып келинди. Жалпы 1 млн 250 миң доза вакцина өлкөгө келип түштү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 12-июлга карата Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 140 978 COVID-19 жуктуруу учуру катталган. Бул аралыкта 2 113 адам коронавирустан көз жумган.