Ошто Кемпир-Абад суу сактагычына 17 жашар өспүрүм чөгүп каза болду

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен 17 жаштагы баланын сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 12-июлда билдиргендей, кырсык мындан бир күн мурун аталган райондун Кызыл-Октябрь айыл аймагында орун алган.

«Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында ӨКМден 8 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти», — деп билдиришти ӨКМден.

Буга чейин да 1-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 17 жашар өспүрүм Кемпир-Абад каналына агып кетип каза болгон. Өспүрүм Кемпир-Абад каналында жуунуп жатып сууга агып кеткен.

Ошондой эле, 11-майда Ош облусунун Өзгөн районунда тоодо кой кайтарып жүргөн 8 жаштагы баланы сел агызып кеткен.

Мындан сырткары, үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде Алай районундагы Терек айылында мал караганы кетип дайынсыз болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү кар көчкүнүн алдынан табылган.