Ысык-Көл: Ишкерлерден акча опузалаган УКТнын үч мүчөсү кармалды

11-июлда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жеке ишкерлерден акча талап кылып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Усубакунов берген маалыматка ылайык, алгач Ысык-Көл РИИБисине кылмыштуу топтун мүчөлөрү коркутуу жана күч колдонуу менен акча опузалап жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

«Ыкчам тергөө тобу териштирүү иштерин жүргүзүп, шектүүлөрдүн аты-жөнүн аныктаган. Анын негизинде Бостери айылынын үч тургуну кармалды. Алардын бири 27 жана экөө 24 жашта», — деп билдирди ал.

Кармалгандарга тиешелүү «Инфинити» автоунаасын тинтүү учурунда 12 грамм баңгизат жана 16 калибрдүү колго жасалган ок атуучу курал табылган. Учурда соттук-химиялык жана куралга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

Милиция «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен тергөөнү баштап, шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Буга чейин 14-июнда УКМК Ошто «Женго» каймана аты менен таанылган Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүн кармаганын билдирген. Ал «Опузалап талап кылуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түшүрүлгөн.

Тема боюнча:

УКМК: «Женгонун» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү опузалоого шектелип кармалды

Нарын шаарында «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн» атып кетишти, шектүү кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү героин менен кармалды