УКМК: «Женгонун» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү опузалоого шектелип кармалды

Опузалоого шектелип кармалган тургун. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

УКМК 14-июнда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалганын кабарлады. Маалыматка ылайык, кармалган киши «Женго» каймана аты менен таанылган Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү.

Атайын кызмат шектүүнү «Опузалап талап кылуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түшүргөн.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, шектүү жана ал баштаган УКТнын мүчөлөрү үстүбүздөгү жылдын 18-майында Ош шаарынын тургунун шаардын четине алып барып коркутуу менен акча талап кылышкан.

«Жабырлануучуну Ош шаарынын четине үч унаа менен кыйнап алпарышып, курал менен коркутушкан. Физикалык күч колдонуп, жабырлануучунун “Мерседес-Бенц” унаасын тартып алышып, "общаковская кассага" деп 300 000 сом талап кылышкан. Кыйноого жана опузалоого катышкан адамдардын арасында Досоновдун жеке айдоочусумун деген "Р.у.А." кошумча дагы 1000 АКШ доллар талап кылган», — деп билдиришти УКМКдан.

Аталган кылмышка катыштыгы бар башка кишилердин аты-жөнүн аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Ал эми шектүү УКМКнын Ош облусундагы башкармалыктын тергөө абагына киргизилди.

Кадыр Досонов

Досонов — Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун башчысы катары «Женго» каймана аты менен белгилүү. Ал үстүбүздөгү жылдын 11-февралда кармалып, абакка киргизилген.

Анткен менен Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева «Женго» УКМКга өзү келгенин кабарлаган. Ошондой эле, ал Досоновдун уулуна жана мурдагы жубайынын бир тууганына укук коргоо органдары тарабынан баңгизат «ташталганын» белгилеген.

Мындан сырткары жактоочу УКМКнын кызматкерлери Досоновго буга чейин «эл көзүнө кармалып берүүсүн» сунуштаганын ачыктаган. Адвокаттын айтымында, атайын кызмат «Досонов аз эле отуруп чыгат» деп убада кылган.

Бирок Сүйүнбаева бул сунуштан баш тарткандан кийин атайын кызмат анын үйүндө «мыйзамсыз» тинтүү жүргүзгөнүн кабарлаган.

УКМК өткөн жылдын 30-ноябрында Досоновдун «менчикке каршы оор кылмыш жасоого катыштыгы бар» деп ага издөө жарыялаган.

Женго кармалгандан кийин 17-февралда УКМК аны «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого» шектеп жаткандыгын кабарлаган. Ошондой эле, Досоновго жана анын жакын туугандарына ар кандай класстагы 19 автоунаа, 15 турак жай жана 35 жер тилкеси катталганын билдирген.

Кадыр Досонов 2015-жылдын февралында милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берүүгө айыпталган. 2017-жылы Кара-Суу райондук жана Ош облустук соттору аны актаган өкүм чыгарган. Көп өтпөй бул чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Тема боюнча:

УКМК: «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов кармалды

Жактоочу Сүйүнбаева: «Кадыр Досонов УКМКга өзү келди»

«Эл көзүнө шоу кылып коёбуз». УКМК Женгонун адвокатынын үйүн тинтүүгө алды

15 турак жай, 19 унаа, 35 жер тилке. УКМК «Женгого» тиешелүү мүлктү тапты

«Женгонун» айдоочусуна айыппул салынды — Ош ОИИБ