Акыркы суткада коронавирустун жаңы 1 292 учуру катталды, 10 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

13-июлда коронавирустун жаңы 1 292 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 1 219, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 73. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 720;

Чүй облусунда — 196;

Баткен облусунда — 118,

Жалал-Абад облусунда — 101;

Ысык-Көл облусунда — 49;

Ош шаарында — 38;

Ош облусунда — 31;

Нарын облусунда — 23;

Талас облусунда — 16.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 142 270ке жетти.

Ал эми акыркы суткада 923 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 526, Чүй облусунда — 117, Ош шаарында — 83, Ош облусунда — 43, Талас облусу — 20, Ысык-Көл облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 50, Баткен облусунда — 59, Нарын облусунда — 7 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 119 694 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 4 587 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 1 352 киши оор, 219 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 14 702 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 289.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — жети, Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 2 123 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 36 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Бишкек шаарында — 13, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 7, Ош шаарында жана Ош облусунда — экиден, Талас жана Нарын облустарында — бирден, Чүй жана Ысык-Көл облустарында — үчтөн медик COVID-19га чалдыккан. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 5 956га жетти, анын ичинен 5 076 медкызматкер илдеттен айыкты.