ИИМ: Москвада кыргыз жана тажик мигранттардын катышуусунда массалык мушташ чыкты

Материал 13:51де жаңыртылды

Орусиянын Москва шаарында 12-июлда 200гө чукул кишинин катышуусунда массалык мушташ катталды — алар Кыргызстадын жана Тажикстандын жарандары болгону кабарланды. Азырынча уруштан жабыркагандар бар-жогу белгисиз.

Орусиялык ЖМКлар мушташ «Кузьминки» метросунун алдында саат 19:00 чамасында орун алганын жазышты.

Жаңжал болгон жерге полиция кызматкерлери барышып, 104 киши кармалган. Колго түшкөндөр «Кузьминки» метронун алдында гана эмес жакын жайгашкан аймактардан да кармалышкан. Ал эми мушташтын калган катышуучулары качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Нурлан Жанбаев «Азаттыкка» курган маегинде орус полициясы «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгогонун билдирди. Анын айтымында, кармалгандардын 70тен ашууну кыргыз жарандары — аларга каршы үч тажикстандык арыз жазган.

«Полиция мушташ болуп кетпесин деп кыргыздарды да, тажиктерди да милиция бөлүмдөрүнө алып барган», — деди Жанбаев.

Ошондой эле Жанбаев алгачкы чыр 9-июлда бильярд ойногон жерде чыкканын, анын натыйжасында Кыргызстандын бир жараны бычак жегенин айтат.

Анткен менен 11-июлда социалдык тармактарда бычак жеп Тез жардам унаасында бара жаткан эки кыргызстандыктын тасмасы тараган. Анда алардын бири «тажиктер ушундай кылатта» деп айтканын угууга болот.

Бул видеону Whatsapp аркылуу тараткандар кыргыз мигранттарга кайрылуу жолдоп «Кузьминки метросуна өтө бергиле» деп айтышкан.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Мындан эки ай мурун Москванын тамактануучу жайларынын биринде Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары мушташып, алты адам жабыркаган.

Ошондой эле өткөн жылдын июль айында Орусиянын Екатеринбург шаарында ондогон кыргыз жана тажик улутундагы жарандар массалык мушташ уюштурушкан. Чыр-чатактын кесепетинен эки тараптан тең жаракат алгандар болгон. Ал эми эки диаспоранын өкүлдөрү чыр футбол оюнунан башталганын билдиришкен.