Москвада массалык мушташтын алты катышуучусу 15 суткага камалды

Иллюстративдик сүрөт

Москва шаарынын Кузьминки райондук соту 13-июлда «Кузьминки» метросунун алдында массалык мушташтын алты катышуучусун 15 суткага камакка алды. Сот аларды «Урукстасыз чогулуштарга катышуу» беренеси менен күнөөлүү деп тапты.

12-июлда Москвада кыргыз жана тажик жарандарынын катышуусунда массалык мушташ катталган. Жалпысынын чыр-чатакка 200гө чукул киши катышканы кабарланды.

Окуя болгон жерге Москванын полициясы барып, 103 мигрантты кармады — алардын 70тен ашууну Кыргызстандын жарандары. Орусиянын Ички иштер министрлиги «Майда бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, бир катар мушташтын катышуучулары өлкөдөн чыгарыла турганын белгиледи. Ошондой эле депортация болгондорго айып пул салынып, аларга Орусияга кирүүгө тыюу салынаары айтылды.

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Нурлан Жанбаев алгачкы чыр 9-июлда бильярд ойногон жерде чыкканын билдирген. 11-июлда соцтармактарда бычак жеп Тез жардам унаасында бара жаткан эки кыргызстандыктын тасмасы тараган. Анда алардын бири «тажиктер ушундай кылатта» деп айтканын угууга болот.

Аталган видеону Whatsapp мессенжери аркылуу тараткандар кыргыз жарандарына «Кузьминки метросуна өтө бергиле» деп кайрылуу жолдошкон.