COVID-19дун жаңы 1 364 учуру катталды, 11 киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 17-июлда өлкөдө коронавирустун 1 364 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында 38 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 778 (15 медик);

Чүй облусунда — 205 (төрт медик);

Баткен облусунда — 116 (тогуз медик);

Жалал-Абад облусунда — 85 (жети медик);

Ысык-Көл облусунда — 51;

Ош облусунда — 48 (эки медик);

Ош шаарында — 33;

Нарын облусунда — 24 (бир медик);

Талас облусунда — 24.

Ошондой эле өткөн суткада 1 135 бейтап айыгып, 11 киши каза болду — алардын алтоо Бишкек шаарында, үчү Баткен Нарын жана Жалал-Абад облустарында бирден.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 147 миң 656га жетти. Оорудан 124 миң 58 бейтап айыгып, 1 315 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 4 763 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 200 кишинин абалы өтө оор. Мындан сырткары 15 469 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.