Токтогулда жол кырсыктан бир адам каза болуп, тогуз киши жабыркады

Сүрөт: ӨКМ

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 16-июлда «Хонда Одиссей» жана «Уаз» үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кырсык Бишкек — Ош унаа жолунун 246-чакырымындагы Көчкүлү-Булак тилкесинен катталган. ӨКМ жол кырсыгынан тогуз адам жабыркап, райондук ооруканага жеткирилгенин кабарлады — алардын абалы орто деп бааланууда.

Ордуна барган куткаруучулар маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Буга чейин, 11-июлда Ош облусунун Алай районундагы Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолунун 70-чакырымында «Лексус-570» жана «Тойота-Королла» унаалары кагылышып, эки адам каза болгон. Андан сырткары үч киши жабыркап ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыктары көбөйгөнүнөн улам президент Садыр Жапаров 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырган.

Ал жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырган.