Алай районунда жол кырсыгынан эки адам каза таап, үч киши ооруканада

Ош облусунун Алай районундагы Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолунун 70-чакырымында 11-июлда «Лексус-570» жана «Тойота-Королла» унаалары кагылышып эки адам каза болду. Андан сырткары үч киши жабыркап ооруканага жеткирилди.

«Жерине Алай райондук №68 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан чыгарышкан. Жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы Алай райондук ооруканасына жеткирген», — деп берилет ӨКМдин маалыматында.

Маркумдардын сөөктөрү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

11-июлга караган түнү Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында «Хонда Одиссей» менен «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, анда да эки адам каза болгон. Дагы алты адам жаракаттар менен ооруканага жеткирилген — алардын абалы оор.

Жол кырсыктары көбөйгөнүнөн улам президент Садыр Жапаров 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырган.

Ал жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырган.