Акыркы суткада COVID-19дун жаңы 1 287 учуру катталды, 11 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / kloop.kg

19-июлда коронавирустун жаңы 1 287 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 1 184, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 103. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 917;

Чүй облусунда — 96;

Баткен облусунда — 117,

Жалал-Абад облусунда — 48;

Ысык-Көл облусунда — 48;

Ош шаарында — 19;

Ош облусунда — 11;

Нарын облусунда — 11;

Талас облусунда — 20.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 150 316га жетти.

Ал эми акыркы суткада 1 289 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 856, Чүй облусунда — 158, Ош шаарында — 89, Ош облусунда — 20, Талас облусу — 6, Ысык-Көл облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 56, Баткен облусунда — 98, Нарын облусунда — 3 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 126 450 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 4 704 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 1 430 киши оор, 195 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 15 753 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 718.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — алты, Ысык-Көл облусунда — эки, Чүй, Ош жана Талас облустарында — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 2 186 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 23 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Бишкек шаарында — 14, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 3, Талас облусунда — 5 медик COVID-19га чалдыккан. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 6 189га жетти, анын ичинен 5 409 медкызматкер илдеттен айыкты.