«Талибандан» Тажикстанга качкан памирлик кыргыздар Ооганстанга кайтты

Сүрөт: Элвира Султанмурат кызы

Ооганстандан Тажикстанга качкан 345 этникалык кыргыз 17-18-июлдарда мекенине кайтарылды. Бул тууралуу «Ховар» басылмасы Тажикстандын УКМКсына таянып жазды.

«Алардын жеке коопсуздугуна Ооганстандын өкмөтү кепилдик бергенден кийин алар Мургаб районуна караштуу Кызыл-Работ жамаатынын чек ара аймагынан өткөрүлдү», — деп билдиришти Тажикстандын атайын кызматынан.

Этникалык кыргыздар 4 миңге чукул мал-жандык жана унаалары менен Ооганстандын Бадахшан аймагына караштуу Андемин аймагына кайтышты. Памирликтер 13-14-июлдарда «Талибан» экстремисттик кыймылы жараткан коркунучтан улам Тажикстанга качып киришкен. Чек араны кесип өтүүдө эки ымыркай чарчап калганы кабарланган.

Тажик бийлиги качкындарды Кызыл-Работ жамаатынын Чоштепа жана Дуютук аймактарына жайгаштырган. Ал эми Кыргызстандын бийлиги памирлик кыргыздларды тарыхый мекенине эвакуациялоону көздөгөн.

Тышкы иштер министрлиги Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча Жогорку комиссардын Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылып, этникалык кыргыздарды Тажикстандан алып чыгууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Ошондой эле кыргыз дипломаттар Тажикстандын ТИМине кайрылып, памирликтерди кыргыз-тажик чек арасынын өткөрмө пункттарына чейин тоскоолсуз өтүүгө көмөк суранган.

2021-жылдын май айынан тарта НАТО аскерий-саясий уюмунун күчтөрү Ооганстандан чыгарылып баштагандан кийин өлкөдөгү кырдаал курчуп баштаган. НАТОнун аскерлери Ооганстандын өкмөтү менен бирге «Талибан» кыймылынын жоокерлерин токтотуп турган.

Бириккен улуттар уюмунун маалыматына ылайык, «Талибан» кыймылы Ооганстандын ири шаарларынан сырткары өлкөнүн 50-70% аймагын ээлеп турат.