Акыркы суткада COVID-19 жуктурган 10 киши каза болду, жаңы 1 291 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

20-июлда коронавирустун жаңы 1 291 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 1 224, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 67. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 939;

Чүй облусунда — 129;

Баткен облусунда — 74,

Жалал-Абад облусунда — 15;

Ысык-Көл облусунда — 52;

Ош шаарында — 17;

Ош облусунда — 21;

Нарын облусунда — 26;

Талас облусунда — 18.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 151 607ге жетти.

Ал эми акыркы суткада 1 242 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 867, Чүй облусунда — 141, Ош шаарында — 28, Ош облусунда — 64, Талас облусу — 22, Ысык-Көл облусунда — 17, Жалал-Абад облусунда — 55, Баткен облусунда — 32, Нарын облусунда — 16 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 127 692 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 4 552 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 1 430 киши оор, 195 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 15 938 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 4 502.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — алты, Чүй облусунда — эки, Баткен жана Талас облустарында — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 2 196 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 19 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Бишкек шаарында — 10, Баткен облусунда — 4, Чүй облусунда — 3, Талас облусунда — 2 медик COVID-19га чалдыккан. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 6 208ге жетти, анын ичинен 5 535 медкызматкер илдеттен айыкты.