Аламүдүндө бир күндө үч өспүрүм суу сактагычка чөгүп каза болду

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

20-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы суу сактагычтарына үч өспүрүм чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, алгач Аламүдүн айылынын «Кыргызстан» жаңы конушундагы суу сактагычка 10 жашар бала чөгүп кеткен. Анын сөөгүн жергиликтүү тургундар суудан таап чыгышкан.

Ошол эле убакытта аталган райондун Гроздь айылындагы №3 суу сактагычына 17 жана 14 жаштагы өспүрүм кыздар чөгүп кетишкен. Алардын бирин эс алып жүргөн адамдар суудан чыгарышып, экинчи кыздын сөөгүн куткаруучулар табышкан.

Каза болгондордун сөөктөрү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Буга чейин, 10-июлда, Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Эпкин айылында 16 жана 18 жаштагы кыздар көлмөдөгү сууга чөгүп каза болгон. Алардын сөөгүн куткаручуулар таап, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.