COVID-19: Акыркы суткада коронавирстун жаңы 1 102 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

21-июлда коронавирустун жаңы 1 102 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 1 003, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 99. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 827;

Чүй облусунда — 65;

Баткен облусунда — 80,

Жалал-Абад облусунда — 20;

Ысык-Көл облусунда — 55;

Ош шаарында — 10;

Ош облусунда — 24;

Нарын облусунда — 12;

Талас облусунда — 9.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 152 709га жетти.

Ал эми акыркы суткада 1 213 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 813, Чүй облусунда — 122, Ош шаарында — 84, Ош облусунда — 25, Талас облусу — 5, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 63, Баткен облусунда — 88, Нарын облусунда — 5 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 128 905 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 4 509 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 1 305 киши оор, 232 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 15 856 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 8 926.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — беш, Чүй облусунда — үч, Нарын облусунда — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 2 205 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 39 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Бишкек шаарында — 20, Баткен облусунда — 4, Чүй облусунда — 3, Ош шаары, Ош жана Жалал-Абад облустарында — бирден медик COVID-19га чалдыккан. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 6 238ге жетти, анын ичинен 5 464 медкызматкер илдеттен айыкты.