Лейлектин акими: Каза болгон өспүрүм селге аккан эмес, алдын ала маалымат боюнча жүрөгү токтоп калган

Материал 17:52де жаңыртылды

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Баткен облусунун Лейлек районунда сел жүргөн учурда каза тапкан 16 жаштагы өспүрүм селге агып каза болгон эмес. Бул тууралуу «Клоопко» райондун акими Алмазбек Рахманкулов билдирди.

Анын айтымында, ошол күнү ал бир нече досу менен селден качып коопсуз аймакта турган. Андан соң маркум эс-учун жоготуп жыгылган. Ал ооруканага жеткирилгени менен анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

«Алдын ала маалымат боюнча өспүрүмдүн жүрөгү токтоп калган деп айтылып жатат. Ал селге аккан эмес. Ал эми анын ден соолугунда же жүрөгүндө буга чейин кандайдыр бир оору бар-жогу тууралуу маалыматты дарыгерлерден алып, кошумча маалымат берем», — деди Рахманкулов.

*ӨКМ 20-июлда Лейлек районунун Ак-Терек айылында жүргөн селдин кесепетинен 16 жаштагы бала каза болгондугун маалымдаган болчу. Маалыматта өспүрүм селге агып каза таап, андан кийин анын сөөгү жергиликтүү тургандар тарабынан табылганы айтылган. Бирок кийинчерек министрлик өспүрүмдүн селге агып каза болгондугун төгүндөгөн.

20-июлда Лейлек районунун Козу-Баглан, Катраң, Лейлек, Тогуз-Булак, Айкөл айылдарын жана Исфана шаарынын Голбо, Чымген айылдарында сел жүргөн. Мындан улам турак үйлөрдүн короолору, ички чарбалык унаа жолдор, ички чарбалык арыктар жана көпүрөлөр бузулган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 21-июлда Ак-Терек айылында 52 турак үйдүн короолоруна, анын ичинен 25 үйдүн ичине, 1 бала-бакчанын, 1 мектептин, 1 мечиттин короолоруна сел суулары киргенин билдирди. Мындан сырткары, ички чарбалык жолдор жана арыктар кум шагылдарга толуп, 2 даана мамыча зыянга учураган. Селдин кесепеттерин жоюу үчүн жеринде ӨКМ кызматкерлери иш алпарып жатышат.

Соцтармактарга аталган аймактарда жүргөн сел боюнча видеолор тарап жатат. Анда сел суулары турак үйлөргө чейин кирип, жолдордун бузулганы көрүнөт.

Мындан эки күн мурун да аталган облустун Кадамжай районунун Майдан жана Керге-Таш айылдарында кечки саат 19:00дө сел жүргөн. Сел суулары эки айылдын сел жүрүүчү сайларын жана ички чарбалык жолдорду бузган.

Табигый кырсык Баткен районунун Газ жана Согмент айылдарында да катталган. Сел жүрүүчү сайдан ашкан суулар эки ички чарбалык көпүрөнү бузуп, үч электр мамычасын агызып кеткен.

Тема боюнча:

Лейлектин бир нече айылында сел жүрдү. Анын кесепетинен 16 жаштагы өспүрүм каза тапты

Баткен жана Кадамжай райондорунун бир нече айылдарында сел жүрдү