Баткен жана Кадамжай райондорунун бир нече айылдарында сел жүрдү

Макала 16:58де жаңыртылды

Баткен облусунун Баткен жана Кадамжай райондорунда катуу жааган жамгырдан улам бир нече күн сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 21-июлда кабарлады.

Кадамжай районундагы сел

Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылы 20-июлда. Сүрөт: Максым Баткенский

Алгач сел 18-июлдун кечки саат 19:00дө Кадамжай районунун Майдан жана Керге-Таш айылдарында жүргөн. Сел суулары эки айылдын сел жүрүүчү сайларын жана ички чарбалык жолдорду бузган. Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн ордуна куткаруучулар, жергиликтүү тургундар жана техника тартылган.

Анын эртеси күнү сел Айдаркен шаарында, Бирлик, Сур, Жанкоргон, Жал жана Орозбеков айылдарында жүрүп, ички чарбалык унаа жолдорду суу каптаган. Ошондой эле сел суулары Кычык-Айдаркен, Жанкоргон, Жал жана Орозбеков айылдарында жалпысынан 22,5 гектар үлүш жерлерге кирген.

Ал эми 20-июлда Кадамжай районунун Тамаша, Маданият-Курулуш жана Ак-Кыя айылдарынан келген сел суулары топтолуп, Кызыл-Булак айылын каптаган. Сел сайдан ашып, унаа жодоруна чыккан — селдин астында жолдогу унаалар калган. Ошондой эле сел суулары жолдун четиндеги 15 турак жайга кирген.

Баткен районундагы сел

Баткен районунда табигый кырсык 19-июлда Кыштут айыл аймагындагы Газ айылында катталган. Сел жүрүүчү сайдан ашкан суулар турак жайлардын короолоруна кирип, төрт ички чарбалык көпүрөнү бузуп, үч электр мамычасын агызып кеткен.

«Күртөң, Сай-Маала, Сасык-Булак, Ийрилиш тилкесинде бир нече турак үйлөрдүн короолорун жана ошондой эле ички чарбалык жолдорду сел суулары каптаган. Кыштут айылында Сох — Кан — Зардалы унаа жолунун айрым жерлерин жана ички чарбалык арыктарды кум шагылга толтурган», — деп билдиришти ӨКМден.

Ошондой эле, сел суулары райондогу Согмент айылында көпүрө жана электр мамычасын агызып кеткен. Мындан сырткары, сел айылдагы алты үйдүн ичин каптап, бир сарай жана сегиз турак жайдын короолоруна кирген.

Анын эртеси күнү, 20-июлда, Газ жана Согмент айылдарында кайрадан сел жүрүп, ондогон үйлөрдү кум аралашкан ылай суу каптады — сайдын боюндагы үч үйдүн абалы кооптуу. Ошондой эле сел суулары мал сарай, ашкана жана эки сөрүнү агызып кетти. Мындан сырткары, сел Газ-Согмент унаа жолунун 2,5 чакырымын шагылга толтурду.

Согмент, Газ жана Кара-Булак айылдарында 6-июлда да сел жүргөн. Анда 47 турак жайды суу каптап, эки көпүрө бузулуп, мындан сырткары жолдор жана эгин талаалар жабыркаган. Суу каптаган үйлөр кооптуу абалга келип, алты үйдүн ээсине коопсуз жерге убактылуу көчүп кетүү сунушталган.

Райондун акими Газ жана Согмент айылдарында өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сүрөт баян: Аксыдагы селдин кесепеттери жана кыйылган сегиз өмүр

Лейлектин бир нече айылында сел жүрдү. Анын кесепетинен 16 жаштагы өспүрүм каза тапты

Сузактын бир нече айылдарында сел жүрүп, 6 жашар кыз каза болду