Лейлектин бир нече айылында сел жүрдү. Анын кесепетинен 16 жаштагы өспүрүм каза тапты

Баткен облусунун Лейлек районунун бир нече айылдарында 19-июлда сел жүрүп, анын кесепетинен 16 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

«Сел 2005-жылы туулган баланы агызып, маркумдун сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан табылды. Жеринде Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы иш алпарып жатат», — деп маалымдашты ӨКМден.

Сел Лейлек районунун Козу-Баглан, Катраң, Лейлек, Тогуз-Булак, Айкөл айылдарын жана Исфана шаарынын Голбо, Чымген айылдарында жүргөн. Мындан улам турак үйлөрдүн короолору, ички чарбалык унаа жолдор, ички чарбалык арыктар жана көпүрөлөр бузулган.

Мындан сырткары Лейлек айыл аймагынын Ак-Терек айылында 25 турак үйдүн ичине сел суулары кирип, 20 турак үйдүн, 1 мектеп, 1 бала-бакча жана 1 мечиттин короосун сел суулары каптаган.

Фейсбук колдонуучусу Инаят Ниматова баракчасына «Кичи мекеним Лейлегимдин тургундары, табият кырсыгынан жабыркаган жердештерим, баарыңыздарга сабыр тилеймин. Аллахымдан жалынып, суранам акыркысы болсун. Он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек жаш өспүрүмдүн жакындарына, терең кайгыруу менен көңүл айтам» деп жазып,видеотасма жарыялады.

Адам өмүрүн алган сел буга чейин 12-июлда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда да орун алган. Анда жалпы сегиз адам каза тапкан. Каза болгондордун алтоо — эки аял, эки өспүрүм жана эки жаш бала — бир үй-бүлөдөн болушкан. Алардын баары окуя болгон күнү Жолборсту айылындагы жайлоодо болушкан. Тилекке каршы алар жашаган тамды сел агызып кетип баары набыт болушкан.

Ал эми 12 жаштагы Нурсултан атасы менен жайлоодон мал кайтарып келе жатып, жаандан улам айылдаштарынын тамына жылынуу үчүн кирген. Бирок капыстан сел агып келип, тамды жер менен бир кылган.

Ошондой эле, селден каза болгондордун арасында 5 жашар Айдар да бар. Анын сөөгү беш күндөн кийин Кара-Суу дарыясы менен Нарын дарыясынын кесилишинен табылган.

Селдин кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлгөн. Алты маркумдун үй-бүлөсүнө 1 млн 300 миң сом, ал эми 12 жашар өспүрүм менен беш жашар баланын үй-бүлөсүнө 150 миң сомдон берилген. Бул каражаттар президенттин жана Министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан бөлүнгөн.