«Вакцинациялоо боюнча директорлордо аракет жок». Аравандын акиминин орун басарына эскертүү берилет

Соцтармактарда Араван районунун акиминин орун басары Музафар Мамасаидов го таандык делген аудио тарап жатат. Анда ыктымал Мамасаидов коронавируска каршы эмдөө боюнча иш жүргүзбөгөн директорлор менен «коштошуу керектигин» айткан.

«Мектеп директорлору мамлекеттин саясатын түшүнбөсө алар менен коштошуу керек. Бул баарыбыздын ишибиз. Бизге элибиздин ден соолугу керек. Ар бир директор боюнча анализ өзүнчө болот. Мамлекеттик администрациянын саламын жеткирип коюңуз», — деп Мамасаидовдун үнүнө окшош киши айткан.

Музафар Мамасаидов «Клоопко» аудио «кантип тарап кеткенин билбейм» деп айтты. Ал үн ага тиешелүү экенин тастыктап, бирок сөзү бурмаланганын билдирди.

«Мен болгону вакцина алууга үндөдүм. Элдин ден соолугун ойлоп жатам. Директор, мугалимдердин баары балдар менен байланышта болушат. Мындан улам алар вакцина алышы керек деп ойлойм. Баары бир эл менен иштегендиктен вакцина алса жашы болот», — деди ал.

Ошондой эле Мамасаидов вакцина албагандар «иштен алынбайт» деп ишендирди.

«Жумушунан кетпейт. Мен эмне диктатор белем? Элди гана ойлоп жатам [...] Вакцина албагыла дегендерге мен каршымын. Эгер албай турган болсо жарыя кылбай эле унчукпай албай коё берсин», — деп сөзүн жыйынтыктады акимдин орун басары.

Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов «Клоопко» «мамлекеттин саясатын колдобосо коштошуш керек» деген акимдин орун басарына «кызматынан аша чапканы үчүн» эскертүү берилерин айтты.

«Негизи вакцина алуу тууралуу айтканы туура эле. Өзүбүздүн жана башкалардын ден соолугу үчүн ар бирибиз эмдөөдөн өтүшүбүз керек. Ал эми мектеп директорлорун “кызматтан алам” деп вакцина алууга мажбурлаганы туура эмес», — деди ал.

Калкты эмдөөнү тездетүү тапшырмасы

Президент Садыр Жапаров 12-июлда администрациянын, Министрлер кабинетинин, министрликтер менен ведомстволордун, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрдүн жетекчилерине өз кызматкерлерин толук эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылууну тапшырган.

Анын ичине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги кирет. Ал эми 29-июнда эле ССМ өлкөнүн медкызматкерлерин милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрүү боюнча бу йрук чыгарган.

Өлкө башчынын тапшырмасынан кийин өлкөдө коронавируска каршы эмдөөчү пункттардын саны көбөйтүлгөн — алар поликлиникаларда, мектептерде, базарларда, гипермаркеттерде, аянттарда жана эл көп чогулчу сейил бактарда да бар.

Ал арада Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров 24-июнда министрлер кабинетинин жыйынында мамкызматкерлерге алар вакцина алмайын айлык төлөбөөнү сунуштаган.

Анткен менен Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев калкты, анын ичинде мамкызматкерлерди да вакцина алууга эч ким мажбурлабасын билдирген. Анын айтымында, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринен башкаларга үлгү болуу үчүн вакцина алууну суранып гана жатышат.

Кыргызстанда учурда Кытайдын «Синофарм» жана Орусиянын «Спутник-В» вакцинасы жеткиликтүү. Алар 18 жаштан жогорку жарандарга бекер сайылып жатат. Өлкөдө 20-июлга карата жалпы 362 миң 821 адам эмделди. Алардын 97 миң 599у вакцинанын эки дозасын тең, 264 миң 767си биринчи дозасын алды.