Акыркы суткада COVID-19 жуктурган 12 киши каза болду, жаңы 1 169 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

22-июлда коронавирустун жаңы 1 169 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 1 012, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 157. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 760;

Чүй облусунда — 132;

Баткен облусунда — 76,

Жалал-Абад облусунда — 76;

Ысык-Көл облусунда — 52;

Ош шаарында — 13;

Ош облусунда — 31;

Нарын облусунда — 17;

Талас облусунда — 12.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 153 878ге жетти.

Ал эми акыркы суткада 1 837 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 1303, Чүй облусунда — 155, Ош шаарында — 95, Ош облусунда — 35, Талас облусу — 13, Ысык-Көл облусунда — 36, Жалал-Абад облусунда — 95, Баткен облусунда — 93, Нарын облусунда — 12 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 130 742 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 4 356 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 1 224 киши оор, 226 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 16 009 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 022.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — алты, Чүй облусунда — төрт, Нарын жана Баткен облустарында — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 2 217 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 29 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Бишкек шаарында — 15, Баткен облусунда — 6, Чүй облусунда — 4, Ысык-Көл жана Талас облустарында — экиден медик COVID-19га чалдыккан. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 6 267ге жетти, анын ичинен 5 499 медкызматкер илдеттен айыкты.