Өкмөт Sinopharm вакцинасынын 1,2 млн дозасын сатып алууну пландап жатат

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров өкмөт Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 1 млн 250 миң дозасын сатып алууну көздөп жатканын билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик резервден бул үчүн 499 млн сом каралган.

Жапаров вакцинанын бир дозасы канча тураарын айта алган жок, анын айтымында, Кытай Кыргызстанга «өзгөчө бааны» сунуштап жатат. Ал Кыргызстан буга чейин вакцинанын 1,1 млн дозасын 815 млн сомго сатып алганын билдирди. Демек, вакцинанын бир дозасы үчүн Кыргызстан болжолдуу 8,8 доллар төлөйт.

Министр бийлик Дүйнөлүк банк менен да сүйлөшүү жүргүзгөнүн кошумчалады. Анын айтымында, Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн 17 млн доллардык каражаттар келет.

«Мындан тышкары, октябрда Азия банкынан 20 млн доллардын келиши күтүлүп жатат. Жарымы грант, жарымы кредит. 37 млн долларга вакцина алып, элди эмдегибиз келет», — деди Жапаров.

Кыргызстандагы эмдөө

Кыргызстан боюнча эмдөө кампаниясы 2021-жылдын март айынын аягында башталган. Бирок элди эмдөөдөн өткөрүп баштоо өлкөгө Sinopharm кытай вакцинасынын экинчи партиясы алып келингенден кийин гана, коронавирустун үчүнчү толкунунун жүрүп жаткан шартта араң июль айында башталган.

Учурда кыргызстандыктарга вакцинанын үч түрү жеткиликтүү: Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik V жана англо-шведдик AstraZeneca вакциналары.

Акыркысы Кыргызстанга 17-июлда Азербайжандан гуманитардык жардам катары келген. Препараттын 40 миң дозасы келген. Бирок бул препарат менен эмдөө 22-июлда гана башталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 22-июлга карата өлкө боюнча 421 293 адам вакцина алды.