Акыркы суткада COVID-19дун жаңы 1 147 учуру катталды, 11 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

24-июлда коронавирустун жаңы 1 147 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 937, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 210. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалдин Рахматуллаев билдирди.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 661;

Чүй облусунда — 153;

Баткен облусунда — 73,

Жалал-Абад облусунда — 95;

Ысык-Көл облусунда — 52;

Ош шаарында — 8;

Ош облусунда — 59;

Нарын облусунда — 26;

Талас облусунда — 20.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 156 152ге жетти.

Ал эми акыркы суткада 1 306 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 811, Чүй облусунда — 161, Ош шаарында — 37, Ош облусунда — 50, Талас облусу — 14, Ысык-Көл облусунда — 40, Жалал-Абад облусунда — 64, Баткен облусунда — 115, Нарын облусунда — 14 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 133 444 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 4 143 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 1 173 киши оор, 236 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 15 060 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 7 514 .

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — 8, Чүй облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда — 2 COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 2 238 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 31 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Бишкек шаарында — 18, Баткен облусунда — 7, Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарында — экиден медик COVID-19га чалдыккан. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 6 326га жетти, анын ичинен 5 576 медкызматкер илдеттен айыкты.