Олимпиада — 2021: Роман Петров Жапон спортчусуна утулду

Кыргыз спортчусу Роман Петров Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында жапондук Ямада Масаруга утулуп калды.

Чучукулактын жыйынтыгы менен 1/32 финалда Петровдун атаандашы кореялык спортчу Сегеон Ма болду. Таймашты кыргызстандык спортчу 15:7 эсеби менен утуп, кийинки раундка өттү.

Финалдын 1/16 бөлүгүндө Петров фехтования боюнча 2019-жылдын Азия чемпиону Ямада Масару менен беттешти.

Биринчи раундда мелдеш 4:2 эсебинде Ямаданын жеңиши менен аяктады. Экинчи раундда Петров эсепти 10:10 кылып теңдеди, бирок акыркы мүнөттөрдө жапондук спортчу дагы эки упайга ээ болуп 12:10 эсебинде утуп чыкты.

Жыйынтыгында, таймаш Жапон спортчусунун пайдасына 15:13 эсеби менен аяктады.