Будапешт: Эки кыргыз балбан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болушту

Венгриянын Будапешт шаарында кадеттер арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар Раззак Бейшекеев менен Нуристан Сүйөркулов алтын медаль утуп алышты. Бул тууралуу Күрөш боюнча дүйнө бирикмесинин расмий сайтына жарыяланды.

Балбандар мелдештин алкагында төрттөн беттеш өткөрүштү. Бейшекеев 60 килограмм салмактагылар арасында алтын медаль тагынган. Ал алгач казакстандык Багдат Сабазды уткан. Чейрек финалда германиялык Еуген Шгелди, жарым финалда индиялык Сумит Сумитти, финалда ирандык Сеййедмостафа Сейеджафар Резаеи Дариакеннарини 4:1 эсебинде утуп алган.

Ал эми 51 киллограм салмакта күч сынашкан Сүйөркулов алгач венгриялык Балинт Гаспарды уткан. Чейрек финалда орусиялык Малик Гигиевди, жарым финалда грузиялык Бесо Махарадзени, финалда украиналык Юрий Товтту 3:1 эсебинде жеңип дүйнө чемпиону болду.

Буга чейин кыргызстандык балбан Имронбек Рахманов Будапештте Эркин күрөш боюнча өткөн кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болгон.

Венгриянын Будапешт шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 20-июлда башталган. Ал эми грек-рим күрөшү боюнча беттеш 24-июлда старт алган.