Чолпон-Атадагы резиденцияга жыйындар залы курулуп жатат, ага 112 млн сом сарпталат

Президенттин Чолпон-Ата шаарындагы резиденциясынын жыйындар залынын курулушуна 112 млн сом сарпталат. Бул тууралуу Бюджет жана финансы боюнча парламенттик комитетинин жыйынында президенттин жана Министрлер кабинетинин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Тилек Батырканов билдирди.

Алгач жыйында Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков Чолпон-Ата шаарындагы резиденциясынын жыйындар залынын курулушуна кошумча 24,5 млн сом бөлүп берүүнү өтүндү. Байгончоковдун айтымында, бул каражаттар залга телекомуникациялык жабдыктар жана видеобайкоосу системасын орнотуу үчүн жумшалат.

Ал эми депутат Осмон Турдумамбетов курулуш тууралуу тагыраак маалымат берүүнү жана залга жалпысынан канча каражат сарпталаары тууралуу сурады.

Батырканов жыйындар залы жаңыдан курулуп жатканын жана курулушка жалпысынан 112 млн керектелерин айтты.

«Курулуп жатканына эки ай болуп калды, 15-августка тапшырабыз. 19-20-августтарда кеңешме болот, ошого даярдап жатабыз [...] Башында кичи зал жок болчу да, ошондо кошумча зал киргендиктен ушунча каражат керек болуп жатат. [Жалпысынан] 112 млн болуп жатат», — деди Батырканов.

Депутаттар резиденцияга курулуп жаткан залдын кошумча чыгымдарына каражат бөлүүнү бир добуштан колдоду.

Батырканов буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп, 9-мартта өлкөдөгү «паспорттук кризистин» алдында кызматынан алынган. Анда ведомство кыргызстандыктарга жалпы жарандык паспорттордун жаңы үлгүсүн өз убагында бере албай, бир нече жолу мөөнөтүн жылдырган.

Мындан сырткары Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Мамкаттоонун башчысы Акын Мамбеталиевге шалаакылык мамилеси үчүн сөгүш жарыялаган.