Кредитке автобус алуу. Бишкектин вице-мэри парламентте эмне жөнүндө кеп кылды?

Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов 26-июлда парламенттин профилдик комитетинин жыйынында коомдук транспортто жол кире акысы кымбатташы мүмкүн экенин жана автобустарды сатып алуу пландарын айтып берди.

Максатбек Сазыкулов (оң тарапта)

Тарифтин кымбатташы

Сазыкуловдун айтымында, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары* алгачкы жыйынында коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүү маселесин кароого тийиш. Ал муниципалитет маселени шаардык кеңештин күн тартибине киргизгенин белгиледи — жыйын качан өтөөрү азырынча белгисиз.

*Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоо 11-июлда өткөн. Эң көп добушка «Эмгек» партиясы ээ болгон, ал эми Бишкек АШКсы шайлоону өттү деп тааныган. Эми шайлоонун жыйынтыгын БШК таанып, жаңы депутаттарга мандат таратышы керек.

«Биз автобустар үчүн тарифти 11 сомго чейин, маршруттук таксилерди 15 сомго чейин көтөрүүнү сунуштадык. Бишкек шаардык кеңешинин биринчи жыйынында депутаттар ушул маселени карайт деген ойдобуз», — деди ал.

Вице-мэрдин айтымында, маршрутка айдоочуларынын иш таштоосу «шаар көз карандысыз болушу керек» экенин көрсөткөн. Ушул себептен дагы шаар бийлиги жаңы автобустарды сатып алууну көздөп жатат.

Сазыкулов мэриянын балансында 476 автобус бар экенин, бирок анын ичинде 140 транспорт гана жарактуу экенин белгиледи. Аны менен бирге чиновник баланстагы 183 троллейстун 110у гана линияга чыгып жатканын кошумчалады.

«Баш-аягы 3000дей маршрутка каттоодон өтүптүр, анын ичинен 900-1300 даана күнүгө каттамга чыгат экен [...]Азыр бизге 1500дөй автобус керек [сатып алуу керек] Анын 500 даанасын шаардык мэриянын муниципалдык мекемелери камсыз кылса, калганын мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде компаниялар алып келиши керек», — деп билдирли ал.

Анын айтымында, 2021-жылдын июнь айынын башында каттамга чыккан Өзбекстандан келген автобустар дал ошол мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде алып келинген.

Автобустарды сатып алуу жана эскилерин оңдоо

Ушул эле жыйында экономика жана финансы министринин орун басары Мирланбек Байгөнчөков калаа муниципалитети Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынан 33 млн евро каражат алууну пландап жатканын билдирди. Аталган акчанын 8 млну — грант, калганы — насыя. Бул акчага калаа бийлиги жаңы транспорт сатып алып, эскилерин оңдогусу келет.

Борбор калаанын вице-мэринин айтымында, азыркы тапта Украина, Орусия жана Белорустан газмоторлуу европа автобустарын сатып алуу варианты дагы каралып жатат.

Сазыкулов газмоторлуу автобустар электробуска караганда арзан болгондуктан дагы мэрия сатып алууну көздөп жатканын түшүндүрдү.

«Электробустарды караштырганбыз, бирок абдан кымбат экен — 270 миң долларга чукул, ал эми газмотордуу автобустар 105-135 миң долларга айланат. Бул баскычта газмоторлууларды алабыз, бирок кийин электробустарга өтүшүбүз керек болот», — деп билдирди ал.

Жыйынтыгында парламент мэриянын Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынан насыя алуу планын жактырды.

Айдоочулардын иш таштоосу

Калаанын маршруттук таксилеринин айдоочулары соңку бир нече жылдан бери бир нече жолу иш ташташкан. Алар 2012-жылдан бери өзгөрбөй келген жол кире акысын көтөрүүнү талап кылышкан. Учурда шаардык троллейбустар менен автобустарда жол кире акысы 8 сомду түзөт, ал эми маршруттук таксилердики 10 сом.

Бишкекте автобус жана троллейбустар аз болуп, миллиондук шаардын жүргүнчү агымын камтый албагандыктан маршруттук таксичилердин иш таштоосу коллапска алып келген.

Акыркы жолу алар июнь айынын башында иш таштаган. Анда дагы маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын көбөйтүүнү талап кылышкан. Бирок коллапска карабастан шаар тургундары Бишкек маршруткаларсыз таза жана тыкан боло түшкөнүн билдиришкен.

Коомдук транспорттун жетишсиздигинен улам, мэрия троллейбус жана автобустардын иш убактысын 23:00гө чейин узарткан. Андан тышкары, муниципалитеттин унаасы бар кызматкерлери жарандарды акысыз ташыган. Шаар тургундары да бири-бирин акысыз ташып баштаган.

Жүргүнчүлөрдү бекер ташуу үчүн «Манас» аэропорту жана шаардын бир катар жеке ишкерлери дагы колдоо көрсөткөн. Ошондой эле 20 автобусту президенттин жубайы Айгүл Жапарованын «Үмүт Булагы» фонду берген. Алар автобустарды «Шыдыр Жол» ишканасынан ижарага алышкан.

Беш күндөн кийин кичи автобус айдоочулары нааразылык акциясын токтотушкан. Ал эми мэрия тарифтерди көтөрүү маселесин сентябрда, Бишкек шаардык кеңешинин жаңы чакырылышы иштеп баштаганда карай турганын билдирген.