Олимпиада. Дзюдочу Золоев башка бирөөнүн кимоносунда күрөшүүгө аргасыз болду

Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев 27-июлда орусиялык Алан Хубецов менен бешттешип, 1/16 финалда утулуп калды. Ошентип спортчу медаль үчүн күрөштөн четтетилди.

Олимпиада оюндарына байкоо салган кыргызстандыктар Золоев далысында KGZ деген саймасы жана фамилиясы жазылбаган чочун кимоно кийип таймашканын белгилешти. Ошондой эле, тренерлер олтурчу секиде башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусов дагы болгон эмес.

Кыргызстандагы дзюдо федерациясынын жооптуу катчысы Урматбек Маткеримов «Клоопко» курган маегинде Эл аралык дзюдо федерациясы (IJF) ири турнирлерде кимоно үчүн атайын стандарт иштеп чыкканын айтып берди. 2015-жылдан тартып мелдештин алдында кимонолор текшерүүдөн өтөт. Анда спортчунун экипировкасы стандартка ылайык келеби аныкталат — узундугу, кеңдиги, капталы ж.б.

Анын айтымында, Золоевдин кимоносу текшерүүдөн өтпөй калгандыктан уюштуруучулар башкасын беришкен.

Маткеримов федерациянын эрежеси боюнча, эгерде ири турнирлерде кимоно алмаштырылса, далысындагы жазуулар алынып салынат жана секундант ошол замат тренерлик секиден кетет деп кошумчалады.

«Кимононун бардык талаптарга төп келишине башкы машыктыруучу жооптуу. Ошол себептен Юнусов тренерлер секисинен кетип, таймаш учурунда трибунада болду», — деп билдирди Маткеримов.

Золоев башка бирөөнүн кимоносун кийүүгө аргасыз болгон жалгыз спортчу эмес. 26-июлда 73 кг чейинки спортчулардын беттешинде грузиялык балбан Лаша Шавдатуашвили дагы бөлөк кимоно кийип күрөшүп, финалга чыккан. Финалдык беттешке чейинки тыныгууда анын кимоносунун далысына өз өлкөсүнүн эн белгисин тигип берүүгө үлгүрүшкөн. Ошентип ал финалда өзүнө таандык жазуулары бар, бирок башка кимоно кийип чыккан.

Материалды Жаңыл Умуралиева даярдады.